Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:35

Жекшемби күнү багымдат маалында Багдадга кайрадан сокку урулду


Аба жапырыктар маалында, айрым кабарларга караганда, Саддам Хусейндин башкаруучу Баас партиясынын жогорку даражалуу өкүлдөрүнүн бири Найеф Шедах набыт болду, экинчи бир кабарларда анын Нажаф шаарындагы уруштарда окко учканы айтылат. Мындан тышкары Ирак бийликтери Багдаддын үч тургуну мерт кетип, 200дөй киши жарадар болгондугун айтып жатышат, ал эми “Ал-Жазира” телеканалы Басрада 50 киши өлдү деп ырастады.Бирок бул маалыматтарды бейтарап булактар тастыкташа элек. Түнкү аба жапырыктардан улам Багдадды электр жарыгы менен жабдыган системалар жарактан чыкты. Борбор калааны коргоп турган күчтөр бир нече мунай кампасына өрт коюшту, шаарды уюлгуп кара түтүн каптап турат. Коалициялык согуш самолеттору Ирактын башка шаарларын, анын ичинде Киркук жана Мосул калааларын да бир нече ирет көнөктөтө бомбалашты.

XS
SM
MD
LG