Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:41

Күзүндө Москвада Кыргызстандын товарларынын көргөзмөсү иштей баштайт


БИШКЕК. Ушул жылдын сентябрында Москвада кыргызстандык товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн туруктуу көргөзмөсү ачылат. Көргөзмө Бүткүл орусиялык көргөзмө борбору тарабынан берилген «Биология» аттуу № 4 павильондо жайгашат. 600 квадрат метр өлчөмүндөгү бул павильонду Бүткүл орусиялык көргөзмө борбору өткөн жылдын сентябрында премьер-министрлер Николай Танаев менен Михаил Касьяновдун жолугушуусунда жетишилген макулдашуулардын чегинде берген. Өкмөттүн басма сөз кызматынын 23-мартта билдиргенине караганда, бул көргөзмө алыскы чет өлкөлөрдүн жана КМШ өлкөлөрүнүн рынокторуна кыргызстандык товарлардын чыгышын шарттайт, чет өлкөлүк кардарлардын кызыгуусун арттырат жана Москвада товар сатып алуу жана сатуу боюнча келишимдерди түзүүгө мүмкүнчүлүк берет. Учурда туруктуу аракеттенүүчү көргөзмөнү уюштуруу ишин «Кыргызресурстары» мамлекеттик ишканасы жүргүзүүдө.

Кабарлар топтомун Бишкектен даярдаган Бурулкан Сарыгулова

Редактор – Жыргалбек Касаболотов

XS
SM
MD
LG