Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:20

АКШ дайынсыз жоголгон жоокерлер бар экенин моюнга алды


Коргоо министри Дональд Рамсфелддин айтымында, дайынсыз жоголду деп эсептелген аскерлердин саны так эмес. Алардын айрымдары туткунга түшүп калышы да мүмкүн. Ал эми АКШ аскерлеринин командачыларынын бири - генерал Ричард Майерстин айтымында, дайынсыз жоголгон жоокерлердин саны ондон аз. Бүгүн араб тилиндеги "Ал-Жазира" телеканалы туткундалган америкалык жоокерлер делген адамдарды көргөздү. Телеканалдын билдиргенине караганда, алар Насирия шаарынын жанындагы уруштарда колго түшкөн. Мунун алдында Багдадда, Тигр дарыясынын жээктеринен америкалык же британиялык эки учкуч изделип жатканы кабарланган."Ал-Жазиранын" күбөлөргө шилтеме берип билдиргенине караганда, Багдаддын үстүндө атылган учактын эки учкучу жерге парашют менен түшкөн. Коалициялык күчтөрдүн командачылыгы учак атып түшүрүлгөн деген ырастоолорду жокко чыгарууда. АКШнын коргоо министри Дональд Рамсфелд жергиликтү "Эн-Би-Си" телеканалына берген маегинде аларда коалициялык күчтөрдүн бир учагынын жоголгону жөнүндө маалымат бар экенин белгиледи. Мурдараак британ учагына "Пэтриот" үлгүсүндөгү америкалык ракета жаңылыш тийгени айтылган.

XS
SM
MD
LG