Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:12

Коалициялык аскерлер Багдадды көздөй жүрүшүн улантууда, бирок ирактык жоокерлер да аларга каршылык көргөзүп жатат


Багдадга 160 чакырым калганда коалициялык аскерлер кеминде төрт жерден каршылыкка кабылышты. Уруштар Ирактын деңиз жээгиндеги маанилүү Умм-Каср портунда уланууда.Ирактын телекөрсөтүүсү салгылашуулар Багдаддан 150 чакырым түштүктөгү Нажаф шарында жүрүп жатканын кабарлады.Коалициялык аскерлер Насирия шаарына да чабуул койууда. Ирактын вице - президенти Таха Яссин Рамадандын билдирүүсүнө караганда, коалициялык күчтөр шаарлар менен кыштактардын баарында катуу каршылыкка туш болот, алардын жеңишке жеңил жетебиз дегени - жаңылыштык. Бүгүн Багдадга жана президент Саддам Хусейндин кичи мекени – Тикрит шаарына абадан сокку урулду. Ирактын теле көрсөтүүсү аскерий өкүлдөр менен жыйын өткөрүп жаткан президент Саддам Хусейнди көргөздү. Жыйын качан жана кайсыл жерде өткөнү айтылган жок.

XS
SM
MD
LG