Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:26

Словениялыктар НАТО жана Евробиримдик үчүн


Словениялыктар өлкөнүн НАТОго жана Европа Биримдигине кошулуусун жакташты.
Коомдук РТВ Словения телевидениесинин маалымдашынча, жекшемби күнкү референдумга катышкан шайлоочулардын 56 процентке жакыны Словениянын НАТОго кошулуусун жактаган, ал эми өлкөнүн Европа Биримдигине киришин добуш бергендердин 90 проценти колдошкон.
2 миллион калктуу Словения мурдакы Югославиянын курамынан 1991-жылы бөлүнүп чыккан.
Словения НАТОго жана Евробиримдикке келерки жылы май айында өтөт деп болжолдонууда.


Таңкы кабарлар түрмөгүн даярдаган Амирбек Азам уулу

XS
SM
MD
LG