Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:45

Түркия Түндүк Иракка өз аскерлерин киргизмек болууда


“Анкара Ирактын түндүгүндөгү күрддөрдүн ээлигиндеги аймакка аскер жөнөтүүнү мерчемдеп жатат”,- деп билдирди Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып Ердоган.
Ердогандын сөзүнө караганда, чек арага жайгаштырлган түркиялык аскерлер качкындардын жолун бууйт жана “өлкөнүн коопсуздугуна жасалчу ар кандай провокациянын алдын алат”.
Ердоган түркиялык аскерлерди Түндүк Иракка жайгаштыруу боюнча Түркия менен АКШ макулдашты деп билдиргени менен, АКШнын ырасмий булактары бул кабарды жокко чыгарышууда.
Кошмо Штаттары буга чейин түрк аскерлеринин Ирактын түндүгүнө киргизилишине каршы болуп жаткан.
Кечээ күнү Евробиримдиктин учурдагы төрагасы Грекия Түркияны Түндүк Иракка өз аскерлерин киргизбөөгө жана региондогу кризисти чиелеништирүүдөн этият болууга чакырган.

XS
SM
MD
LG