Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:51

Ирак согушуна каршы демонстрация кубат алууда


АКШ башындагы күчтөрдүн Ирактагы согушуна каршы мусулман өлкөлөрүндө жана башка мамлекеттерде миңдеген адамдар катышкан демонстрациялар өттү.
Мисирдин Каир, Кафр аш-Шейх жана ал-Мансур шаарларында жекшемби күнү өткөн демонстрацияларга 20 миңдей студент катышты.
Судандын байтакты Хартумда полиция менен согушка каршы акциянын катышуучуларынын ортосундагы кагылышууда 12 студент оор жарадар болду.
Индонезияда Ирактык аскерлердин АКШ башындагы күчтөргө каршы чогуу согушабыз деген жүздөгөн адамдар ыктыярдуулардын катарына жазылган.
Австралия менен Италияда да миңдеген адамдар согушка каршы демонстрацияга чыгышты.

XS
SM
MD
LG