Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:27

Кургак учукка каршы күрөш үчүн бөлүнгөн каражат жетишсиз


БИШКЕК. Кургак учукка каршы күрөшкө мамлекет тарабынан бөлүнүп жаткан каражат жетишсиз. Кургак учукту иликтөө боюнча илимий институттун директору Автандил Алишеров 24-март - Кургак учукка каршы күрөш боюнча бүткүл дүйнөлүк күнгө карата өткөрүлгөн маалымат жыйынында ушундай пикирин айтты. Анын сөзүнө караганда, бюджеттен бул дартка каршы күрөш үчүн 237 млн. сом суралган, бирок 100 млн. сомдон ашыгыраак гана каражат бөлүнгөн. «Медицинанын бул тармагында иштеген кызматкерлер 650 сомдон 800 сомго чейин айлык алышат жана кызматкерлердин 4% кургак учукка чалдыккан. Мындай шартта кадрлардын жумуштан кеткен учурлары көп болуп жатат», - деди А.Алишеров. Кыргызстандын дарыгерлерин абактардагы абал, Орусияда, Казакстанда соода кылып жүргөн жарандардын ден соолугу катуу тынчыздандырууда. Алар 10-20дан болуп бир бөлмөдө жашап жүрүшөт. Ошондуктан соодагерлер арасында да кургак учук оорусу күч алууда.

XS
SM
MD
LG