Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:23

Баткен облусундагы мектептерде мугалимдер жетишпейт


БАТКЕН. Облустук билим берүү жана маданият башкармалыгынан бүгүн алынган маалыматка караганда, былтыркы окуу жылында облустун мектептерине 288 мугалим жетишпеген болсо, быйыл алардын саны 342ге жетти. Буга негизинен эмгек акынын аздыгынан улам көпчүлүк мугалимдердин мектепти таштап кетиши себеп болгон. Облуста негизинен чет тилдери, математика жана физика сабактары боюнча адистер өтө эле аздык кылат. Ушундан улам облустагы 45 мектепте чет тил сабагы окутулбай турат. Ал эми быйылкы окуу жылы үчүн облустун мектептеринде Билим берүү жана маданият министрлиги тарабынан жогорку окуу жайларын жаңыдан аяктаган 115 жаш мугалим бөлүнгөн болсо, алардын болгону 43 гана келген.

XS
SM
MD
LG