Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:15

Ысыккөл облусунун Кажысай шаарчасынын тургундары өкмөткө кат жолдошту


КАРАКОЛ. Өтүнүч катта 4750 адам жашаган шаарчанын кароосуз калгандыгы, шаарчаны сугат ташкындан коргоп турган дамбалар 10 жылдан бери тазалана электиги айтылат. Айрыкча көл жээгиндеги ушул шаарчага таандык 132 түтүн калк жашаган Гарардин аттуу айылды суу каптап кетүү коркунучу турат. Жыл сайын республиканын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинен дамбаларды тазалаш үчүн тиешелүү акча каражаты берилет. Тактап айтканда 5 жылдын ичинде 4 млн. сомдон ашык акча каражаты жумшалган. Бирок анын жыйынтыгы дээрлик жокко эсе. «Ошондуктан аталган министрлик тарабынан 1 экскаватор, 1 бульдозер жардам катары берилсе, дамбаларды тазалоо ишин өз колубузга алат элек» дешет өтүнүч кат ээлери.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG