Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:31

Кыймылсыз мүлккө салык салуу маселеси Мыйзам чыгаруу жыйынында каралууда


БИШКЕК. Бүгүн Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны кыймылсыз мүлктөн алынуучу салык боюнча «Салык Кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү» жөнүндөгү мыйзам долбоорун кароого киришти. Мыйзамды талкуулоо алдында маалымат берген финансы министри Болот Абилдаевдин айтымында, бул мыйзам салык төлөө маданиятын калыптандырып, жергиликтүү бюджетти толуктоо максаты менен сунушталып отурат. Салыктын бул түрү шаарлардагы, наркы 10 миң доллардан кем болбогон турак үйлөргө салынат жана анын көлөмү жеке менчик үйлөр үчүн 0,5%, чарба жүргүзгөн субьектилер үчүн 1,5%ке чейин болот. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жана регионалдык өнүгүү министри Төлөбек Өмүралиевдин маалыматына караганда, өлкөдөгү бардык турак-жайдын 65% жеке менчик жана юридикалык жактарга таандык үйлөр түзөт. Алардан жылына кеминде 65 миллион сомго чейинки салык чогултулат деген божомол бар. Депутаттар талкуу учурунда бул салык Эл аралык Валюта Фондунун кысмагы менен киргизилип жаткандыгын баса белгилешип, өкмөттү принципиалдуу болгонго үндөштү. Талкуу шейшембиде улантылат.

XS
SM
MD
LG