Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:52

Бишкектин райондук соту укук коргоочунун арызын канааттандырган жок


БИШКЕК. 24-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук соту укук коргоочу Турсунбек Акундун премьер-министр Николай Танаевге каршы берген доо арызын канааттандырган жок. Судья Мадина Давлетбаева «Николай Танаев өткөн жылдын 9-сентябрында берген маалымат жыйынында «Турсунбек Акун кайсы жерде жүрсө ошол жерде баш-аламандык менен кан төгүү болот» деген сөзүн далилдөөгө толук негиздер жок, сот учурунда Турсунбек Акундун адвокаты Ашыркул уулу Токторбек Н.Танаевдин үнү жазылган аудиотасманы угузганы, Танаевдин сөзү басылган гезит материалдарын көргөзгөнү жана «басма сөз жыйынында Танаев дал ошентип айткан» деп, алты күбө көрсөтмө бергени менен алар доону канааттандырууга толук негиз боло албайт» деген чечимге келди.
Соттун мындай чечимине нааразы болгон Турсунбек Акун Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз жолдоорун билдирип, ал да арызды канааттандырбаса андан жогорку сотторго кайрыла берээрин кошумчалады.

XS
SM
MD
LG