Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:12

«Арнамыс» партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү кармалды


БИШКЕК. Бүгүн «Арнамыс» партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Тынчтык Дуулатов күч менен Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына алынып келинди. Бул тууралуу партиянын штаб башчысы Эмил Алиев билдирди. Анын айтымында, Тынчтык Дуулатов 2-февралда «киши уурдалды» деп козголгон кылмыш ишине байланыштуу кармалды. 2-февралдагы референдумга көзөмөл жүргүзүш үчүн түзүлгөн коомдук штабдын байкоочулары «добуш берүү участокторуна каттап бюллетен таштап жүрөт» деп шек саналган адамдардын арасынан бирөөнү кармап алып, штабга алып келишкен. Бул окуяга байланыштуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы кылмыш ишин козгогон. Ишти карап жаткан тергөөчү Зоя Кожобекова Тынчтык Дуулатовдун кармалгандыгы тууралуу маалымат берүүдөн баш тартты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG