Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:21

ЕККУнун өкүлү Бишкекте болуп кайтты


БИШКЕК. 22-мартта кыска мөөнөттүк иш сапары менен Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун азыркы төрагасынын Борбордук Азия боюнча жеке өкүлү Мартти Ахтисаари Кыргызстанга келип кетти. Ал Бишкекте тышкы иштер министри Аскар Айтматов жана ЕККУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Айдын Идил менен жолугушту. Аскар Айтматов Мартти Ахтисаари менен жолугушууда ага Кыргызстандагы жана региондогу акыркы окуялар тууралуу маалымат берди. Ал эми Мартти Ахтисаари өлкөдөгү конституциялык реформага, демократиялык өзгөрүүлөргө, регионалдык кызматташуунун ал-абалына өзгөчө кызыккан. Бул тууралуу дүйшөмбү күнү ЕККУнун Бишкектеги өкүлчүлүгүнөн кабарлашты. Андан алынган маалыматка караганда, Мартти Ахтисаари жакын арада Кыргызстанга кайрадан келип кетмекчи.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG