Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:31

Кыргызстандын бир катар коомдук уюмдары Ирактагы согушка каршылык билдирмек болушту


БИШКЕК. 26-мартта Кыргызстандагы укук коргоо уюму жана бир катар коомдук уюмдар АКШнын Кыргызстандагы элчилиги жайгашкан имараттын алдында Ирактагы согушту токтотуу талабы менен митинг өткөрүшөт. Мындай маалымат 24-мартта Кыргызстандагы укук коргоо кыймылынынын төрагасы Турсунбек Акундан алынды. Анын айтымында, митингди өткөрүү зарылдыгы АКШ менен Улуу Британиянын Иракка каршы аскердик чабуулунун күчөшүнөн улам пайда болду. Ошондуктан, алар митингде согушту токтотуп, чатакты тынчтык жолу менен чечүүнү талап кылышат. Андан кийин алар Антитеррористтик коалициянын аскер күчтөрү жайгашкан «Манас» аба майданына кетчү жол менен жөө жүрүшкө чыгышат. Бүгүн мындай каршылык билдирүү жүрүшүнө Бишкектеги жогорку окуу жайларынын жүзгө чукул студенттери чыгып, эски өкмөт аянты аркылуу өтүштү.

XS
SM
MD
LG