Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:19

АКШда "Оскар" сыйлыгынын кезектеги лауреаттары аталды


Лос–Анжелестеги салтанат Ирактагы согушка байланыштуу жупуну жана күчөтүлгөн коопсуздук чаралары астында өттү. Жылдын эң мыкты фильми деп "Чикаго" мюзикли табылды. Ал баш байгеден башка дагы беш сыйлыкты жеңип алды. Аялдын ролун эң мыкты аткаргандыгы үчүн сыйлык "Сааттар" деп аталган британ фильминде ойногон актриса Николь Кидманга берилди. Ал эми "Пианист" деп аталган фильмде ойногон актер Андриен Броди эркектин ролун эң мыкты аткаргандарга берилүүчү сыйлыкты жеңип алды. Аталган көркөм тасманын режиссеру Роман Поланский жылдын эң мыкты режиссеру деп жарыяланды. Жылдын эң мыкты чет элдик фильми деген наамга немец кинорежиссеру Кэролин Линктин "Африкадагы туңгуюк" деген фильми арзыды.


Кечки жаңылыктарды даярдаган – Улан Эшматов, Прага

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG