Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:06

Сирия – Ирак чек арасында беш адам өлүп, он чакты киши жаракат алды


Сириянын мамлекеттик "САНА" жаңылыктар агенттигинин маалыматына караганда, кырсык кечээ чек аранын Ирак тарабында болду. Жүргүнчү салып келе жаткан автобуска АКШ аскерлери тарабынан атылган ракета тийген. Бүгүн Сириянын тышкы иштер министрлигине АКШ менен Британиянын элчилери чакыртылып,аларга расмий түрдө наарызылык билдирилди. АКШнын аскерий өкүлдөрү жогорудагы окуя боюнча комментарий бере элек.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG