Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:57

Орусия Ирактагы кырдаал БУУнун Коопсуздук Кеңешинде талкууланышы керек деп эсептейт


Өлкөнүн тышкы иштер министри Игорь Ивановдун айтымында, БУУнун Коопсуздук Кеңеши Ирактагы абалды ар тараптан талкуулашы абзел. Орус тышкы иштер министри Ирактагы талкалануулар жана качкындардын санынын көбөйүшү чөлкөмдө гуманитардык жана экологиялык катастрофага алып бараарын эскертти. И.Иванов, ошондой эле Орусия эл аралык санкцияларды бузуп, Иракка курал саткан деген айыптоолорду четке какты. АКШнын Мамлекеттик департаменти Орусиянын айрым фирмалары аскерий операция башталганга чейин Иракка курал–жарактын кээ бир түрлөрүн тымызын сатып келгенин кечээ билдирген.

XS
SM
MD
LG