Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:29

АКШ жана Европа Биримдиги Түркиянын Түндүк Иракка аскер жиберишине каршы


Европа Биримдиги Түркиянын Түндүк Иракка аскер жибериши өлкөнүн уюмга кирүү багытындагы сүйлөшүүлөрүнө зыян келтирээрин эскертти. Еврокомиссиянын өкүлү Жан-Кристоф Филоринин пикиринде, Түркия мындай кадамдын терс кесепеттерин түшүнөт. АКШ да Анкаранын күрддөр жашаган Түндүк Иракка аскер жиберүү планына каршы экенин президент Жорж Буш кечээ ачык айткан эле. Түркиянын премьер-министри Режеп Эрдоган болсо түрк өкмөтүнүн аскерлерди жиберүүдөгү максаты – качкындардын агымын токтотуу, Түркиянын чек араларындагы бейстабилдүүлүктү алдын алуу деп түшүндүргөн. Мурдараак, Түркиянын планына НАТОнун мүчөлөрүнөн – Германия менен Белгия каршылык билдирген.

XS
SM
MD
LG