Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:20

Саддам Хусейн ирактыктарды каршылык көрсөтүүнү улантууга чакырды


Саддам Хусейн бүгүнкү телекайрылуусунда ирактык жоокерлер АКШ баштаган аскер күчтөрүн "олуттуу жоготууларга" кириптер кылганына токтолуп, согуш Ирактын жеңиши менен аяктаарын белгиледи:
-Душман дайыма сиздердин каарман аскерлериңерге жеңилип келген. Алар силерди бомбалоону дагы күчөтөт. Кудайдын көз алдында туруктуулук менен аракеттенүүнү улантыңыздар. Силердин чыдамкайлыгыңардын натыйжасы - жеңиш болот.
Ирактын президенти өз сөзүндө уруштарда каармандыкты көрсөттүп жаткан аскер командирлеринин ысымдарын атап кетти. Саддам Хусейндин 20 минутка созулган кайрылуусу түз ободо окулганы же күн мурунтан жаздырылганы белгисиз. Британ коргоо министри Жефф Хун, Ак үйдүн маалымат катчысы Ари Флейшер Саддам Хусейин сөзүн түз ободо окуганына күмөнсүнүү билдирди. Мурдараак Ирактын президенти Багдадды бомбалоо учурунда жаракат алган деген маалыматтар пайда болгон эле.

XS
SM
MD
LG