Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:19

ИРАК СОГУШУ: ТУТКУНДАРДЫН ТАГДЫРЫ


Перс булуңундагы экинчи согуштун башталаары алдында “Хюман Райтс Уотч” эл аралык укук коргоо уюму АКШ, Британия, Австралия жана Ирак өкмөттөрүнө кайрылып, согуш эрежелерин ырааттуу сактоого үндөгөн. Аталган эрежелердин арасында согуш туткундарынын укуктары Женева Конвенциясына ылайык сакталыш керек деген талап да бар. АКШ өкүлдөрүнүн айтымында, жекшембиде туткундалган америкалык аскерлердин сыналгы аркылуу көрсөтүлүшү аталган Конвенцияны бузуу болуп саналат.

23-март коалициялык күчтөр үчүн өтө оор күн болду өңдөнөт. АКШнын аскерий өкүлдөрү билдиргендей ал, күнү кеминде 20 аскер дайынсыз жоголуп же окко учкан, 50 чактысы жараат алды. Бирок так маалымат жок экендигин АКШнын аймактагы башкы командачынын орун басары генерал Жон Абизаид тастыктады, анткени “алгачкы маалыматтар дайым туура эмес болуп чыгат”.

Дайынсыз жоголгондордун айрымдары каршы тараптын колуна түшкөнү маалым болду. Ирактын мамлекеттик сыналгысы туткундалган америкалык аскерлер жөнүндө маалымат таркатты. Аны Пентагондун расмий өкүлдөрү да төгүнгө чыгарган жок. Катардын “ал-Жазира” телеканалы кармалган 5 жоокердин сурак берип жатканы тартып алынган тасманы көрсөттү. Суракка алгандар туткундардан аты жөнүн, кайсы аскерий бөлүктөн экенин сурап, “Иракта эмне үчүн согушуп жүрөсүңөр?” деген собол коюшту. “Мен эч кимди аткым келген эмес. Мени атканда, мен да жооп кайтардым?”, -дейт бир аскер. Экинчиси болсо “Техастан Иракка эмнеге келдиң” деген суроого “Мен буйрукту гана аткардым”, - деген жообун узатты. Камера андан ары жерде жаткан кансыраган аскерди көрсөттү. Кармалгандардын арасында бир аял да бар.

Ирактын колуна түшкөндөрдүн аты жөнү тууралуу Пентагон расмий билдирүү тарката элек. Аскер өкүлдөрүнүн айтымында, алар 507-ремонттук бөлүккө таандык. Аталган бөлүк бузулуп калган оор техниканы калыбына келтирүү менен алектенет. Адатта алар абадан коргоочу артиллериялык бригаданын коштоосунда жүрөт. Жекшембиде 507-бөлүк жолунан адашып, Багдаддын түштүгүндөгү Насирия деген шаардын чет жакасына келген. Америкалык расмий өкүлдөрдүн айтымында, аскерлер Ирактын партизандык күчтөрүнүн чабуулуна кабылган.
Генерал Жон Абизаид Катарда өткөргөн пресс-конференцияда “Менин ишенимимде бул согуш учурунда болгон кайгылуу окуялардын бири – топту баштап бараткан жаш офицер жаңылыш жакка буруп кеткен көрүнөт”, - деди генерал.

Бул окуяга байланыштуу президент Буш кармалгандарга согуш туткундары жөнүндөгү Женева Конвенциясынын жоболоруна ылайык мамиле жасалсын деген талабын койду. АКШнын коргоо министри Доналд Рамсфелд CBS телеканалында сүйлөп, туткундарды сыналгы аркылуу көрсөтүү эл аралык нормаларды бузуу болуп саналат, аны Ирак пропагандалык максатта пайдаланды деп Багдадды айыптады.

Согуш туткундары жөнүндөгү конвенция 1949-жылы 12-августта Женевада кабыл алынган. Анда согуш маалында кармалган аскерлерди жана жараат алгандарды кармоо шарттарынын стандарттары аныкталган. Документтин 13-жобосуна ылайык туткундарга гумандуу мамиле жасалыш керек. Камалгандарга карата күч колдонууга тыюу салынган. Аларды уруп-сабоо, ден соолугуна же өмүрүнө залака тийгизген учурлар Конвенциянын нормаларын бузуу болуп саналат.
Андан тышкары, 14-жободо белгиленгендей, туткундардын адамдык ар-намысына да шек келтирүү болбойт.

Белгилүү болгондой, акыркы кездерде Буштун администрациясы Ооганстанда кармалган талибдерди кармоо шарттары эл аралык стандарттарга дал келбейт деген укук коргоо уюмдарынын, айрым мамлекеттердин сынына кабылып келген. Бирок АКШнын расмий өкүлдөрү мындай сынга Кубанын Гуантанамо Бэй түрмөсүндөгүлөр согуш туткундары эмес, “мыйзамсыз согушчандар” деген жоопту кайтарууда.

Согуш туткуну деген статус кимге жана кандай шартта берилээри Женева Конвенциясында аныкталат.

Коргоо министри Доналд Рамсфелд Кошмо Штаттарынын армиясы тарабынан миңдеген ирактык аскер туткундалып, алар Ирактын өзүндөгү лагерлерде экенин айтып, биз туткундардын сүрөттөрүн көргөзбөөгө аракеттендик деп кошумчалады. Россиянын президенти Владимир Путин дүйшөмбүдө Москвадагы пресс-конференцияда: «Биз анти-ирактык коалиция, АКШ туткундарды кандай шартта кармаарын билебиз. Ирак да туткундарды кармоо боюнча эл аралык нормаларды бузбайт деген үмүттөмүн”, - деди Путин.

Жекшемби күнү Ирактык дагы бир генерал колго түшкөнүн АКШ командачысынын орун басары Абизаид тастыктады: ”Ирактык эки генералды туткундадык. Алар бизди маалымат менен камсыздап жатышат”, - деди Абизаид.

Ажанс Франс пресс маалымат агенттиги Ирактын коргоо министри Султан Ахмад Ирак америкалык жана британиялык туткундарга карата Женева Конвенциясын карманат деген сөздөрүн келтирет. “Биздин баалуулуктар, биздин дин, биздин жүрүм-турумубуз туткундар кандай мамилеге акылуу болсо, аларга ошондой мамиле жасообузга түртөт”, -деген Ирак коргоо министри.

Ушул тапта көз каранды эмес булактар аркылуу расмий Багдаддын мындай билдирүүсүн тастыктоо же четке кагуу мүмкүн эмес. “Вашингтон Посттун” жазганына караганда, колдо болгон сыналгылык маалыматта америкалык эки жоокер ирактыктар тарабынан башка атып өлтүрүлгөндөй сезилет.

XS
SM
MD
LG