Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:30

«КАМЕКО» «КУМТӨР ГОЛД КОМПАНИНИН» АКЦИЯЛАРЫН ТОЛУГУ МЕНЕН САТЫП АЛГЫСЫ КЕЛЕТ


Сапар Орозбаков, Бишкек “Кумтөр» алтын кенин иштетиш үчүн түзүлгөн “Кумтөр голд компани” биргелешкен ишканасынын Кыргызстанга тиешелүү 2/3 акциясын сатып алууну көздөп, “Камеко” компаниясы кыргыз өкмөтүнө өткөн жылы эле кайрылган болчу. Ал бул үчүн Кыргызстанга гарантиялуу түрдө жылына 8 млн. доллар төлөп берип тураарын билдирген. Өкмөт буга принцибинде макул болгону менен, тиешелүү келишимдерге кол коюла элек.

Канаданын «Камеко» компаниясы «Кумтөр голд компанинин» Кыргызстанга таандык 2/3 акциясын өзүнө өткөрүп берүү тууралуу сунуш менен өткөн жылдын сентябрь айында кайрылганы тууралуу айткан элек. Бул маселе азыр биротоло чечилип бүтө элек. Өкмөт 7-февралда кабыл алган токтомдо принцибинде “Камеконун” сунушуна макул экендиги айтылат. Бирок ал ошол эле токтомдо «Кумтөралтын» долбоорунун активдерин тактоо жана «Камеконун» сунушун финансылык жана юридикалык көз карандысыз экспертизадан өткөрүү тууралуу тиешелүү органдарга тапшырма берген.

Бийлик «Камеконун» сунушун мурдагыдай эле чоочун көздөн далдоо кармап келет. Маалымат берүүнү өтүнүп финансы министри Болот Абилдаевге кайрылганыбызда, ал киши бул иш менен орун басары Эмирлан Төрөмырзаев алек болуп жатканын айтып, «Төрөмырзаев интервью берет, мен ага айтып койом» деген болчу. Эмирлан Төрөмырзаев болсо «иш бүтө элек, бүткөндө айтып берем» деп бизге маалымат берүүдөн баш тартты.

Маалымат жетпегендиктен эл ичинде ар кандай имиштер айтылып жүрөт. Бирөөлөр “2/3 акция үчүн «Камеко» 57,6 млн. доллар берип жатыптыр” десе, экинчилер ”150 млн. доллар берет экен” деп айтып жүрүшөт. Бирок бул маалыматтар анчалык так эмес. Бизге белгилүү болгон маалыматтарга караганда, «Камеконун» президенти Бернард Мишель өткөн жылдын 25-сентябрында премьер-министр Николай Танаевге кат жазып, эгерде кыргыз өкмөтү өзүнө тиешелүү жөнөкөй акцияларды өткөрүп берсе, «Камеко» анын ордуна ага өзгөчө акция берип, ал акциялар үчүн 2002-жылы 4 млн. доллар, андан кийин жылына 8 млн. доллар төлөп берип тураарын билдирген. Анда жогоркудай сумма айтылган эмес. Бернард Мишель бул акча алтындын баасы төмөндөп кетсе да төлөнүп берилээрин белгилейт. Бул акча 3 учурда гана – саясий кырдаал курчуп, кенди иштетүүгө мүмкүн болбой калса, өкмөт менен «Кыргызалтын» келишимди бузуп, өзүнө алган милдеттерди аткарбаса жана «Кумтөр оперейтинг компани» мурда алган негизги кредиттерин төлөп бере албай калса берилбейт. Андан тышкары «Камеко» мурда келишимдерде жазылып калган салыктардын 1/3 кайрып алуу укугунан баш тартат. Эгерде алтындын баасы өсүп, 1 унция алтын 325 доллардан ашып кете турган болсо, дагы кошумча кылып баадан 5% төлөп турууга милдеттенме алат.

Бир караган адамга «Камеконун» сунушу Кыргызстан үчүн жакшы көрүнөт. Кумтөр кенин сатуу Кыргызстанга канчалык пайдалуу экенин даана көрсөтүш үчүн «Камеконун» өкүлдөрү кыргыз өкмөтүнүн комиссия мүчөлөрү менен жолугушуусунда өз эсептерин келтирген таблица таркатышкан. Аны көргөн адам «Кыргызстанга «Камеко» бир марттык кылган жаткан го» деген ойго келиши мүмкүн.

«Камеконун» эсебине ылайык, салыкты кошкондо, Кыргызстан Кумтөрдү сатса 159 млн. доллар, сатпаса 135,5 млн. доллар эле алат. Салыкты кошпосо, башкача айтканда дивиденддин өзүн таза алганда, аны сатса да, сатпаса да 57,6 млн. доллар алат экен. Өкмөт түзгөн комиссия «сунушка макул болуш керек» деп тыянак чыгарган. Ал «Камеконун» эсебине түшүнүп же түшүнбөй айтып жатабы - муну билиш кыйын.

Кыргызстан «Камекого» Кумтөр кенин берип, ал эсепте көрсөтүлгөндөй 57,6 млн. доллар ала албайт. «Камеко» айткандай 2002-жылы ал 4 млн. доллар төлөп берип, кен 2008-жылы казылып бүткөн күндө да, андай болбойт. 6 жылга 8 млн. доллардан эсептегенде 48 млн. доллар болот. Ага 4 млн. долларды кошсок - баардыгы 52 эле млн. доллар. «Камеко» көп кылып көрсөтүп кыргыздарды кызыктырыш үчүн бул суммага кен сатылбаса да «Кыргызалтынга» бере турган акчасын кошуп койгон. Бул биринчиден. Экинчиден, Кумтөр кенинин келишимде иштетилет деп көрсөтүлгөн зоналарында азыр 103 тонна эле алтын калгандыгын айтышат. Аны «Камеко» жылына 20 тоннадан алган күндө деле, 5 эле жылда алып бүтөт. Үчүнчүдөн, ал «2002-жылы 4 млн. доллар төлөп берем» деп кыргыз өкмөтүн шаштырып жаткан болчу. «Камеконун» президенти «бул ишти 1-декабрга чейин бүтүрүп бергиле» деп, кызыктырыш үчүн 4 млн. доллар убада кылып жаткан. «Камеконун» өтүнүчү өз убагында аткарылган жок. Демек ал бул 4 млн. долларды эми бербейт. Ошону эске алып эсеп жүргүзсөк, Кыргызстанга 57,6 млн. эмес, 40 эле млн. доллар акча түшөт.
XS
SM
MD
LG