Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:29

ЧЕЧЕНСТАНДА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮЛДҮ


Муса Мураталиев, Москва Жекшембиде Чеченстанда референдум өттү. Референдумдун кандай өткөнүнө көз салыш үчүн келген КМШлык байкоочулар аны легитимдүү жана демократиялык маанайда болду деп белгилешти. Ошол эле учурда «The Financial Times» гезити «үч жарым жылдан ашуун жүрүп аткан согуштан чаалыгып болгон чечен эли Путиндин планын колдоого аргасыз болду», - деп жазат. Чечен жикчилери бул өнөктүктү мыйзамсыз деп эсептешүүдө.

Чеченстанда кечээ аймактын жаңы конституциясын кабыл алууга арналган референдум өткөрүлдү. Борбордук шайлоо комиссиясы жарыялаган алдын-ала маалыматка караганда, добуш берүүгө катышкандардын 96 пайызы Чеченстанды Орусиянын бир бөлүгү катары карай турган баш мыйзамга колдоо көрсөткөн. Чеченстандын добуш берүүгө акылуу 540 миң тургунунун дээрлик 80 пайызы, маскөөчүл бийликтин маалымдашынча, референдумга катышкан.
Ал эми чечен жикчилери бул өнөктүктү “саясий эки жүздүүлүк” катары баалашып, чечендердин басымдуу көпчүлүгү добуш берүүгө катышкан жок, - деп чыгышты.
Чечен Жумуриятынын өкүмөт башчысы Анатолий Попов дүйшөмбү күнү мындай деп айтты:
- Жумурият, бүгүнкү күндөн тартып кабыл алынган Конституция боюнча жашаганга өтөт.

Бул кеби менен ал Орусия он жылдан ашуун убакыттан бери ооздуктай албай аткан Чеченстандын мындан ары Маскөөнүн 89-субъектисине айланганын белгилегенсиди.

Эми Орусиянын мыйзамына ылайык 6 ай өткөндөн кийин президент Путин Чеченстанда президенттик шайлоо өткөрүү тууралуу жардыгын чыгарат. Ошондон соң жумуриятта жаңы аймак башчысын шайлоо өтөт.

Референдумдун расмий жыйынтыгы шаршембиде гана белгилүү болсо да, Орусиянын Борбордук Шайлоо комиссиясынын төрагасы Александр Вешняков алдын ала чыгарылган жыйынтыктан улам мындайча билдирди:

- Референдумга атуулдар активдүү катышат деген болжол алдын ала айткандай чыкты, комиссиянын так уюштурган иши да даана байкалды.

Мезгилдүү басма сөз каражаттары бул окуя тууралуу макалаларды байма-бай жарыялоодо.
«Ведомости» (24.03.2003) гезити референдумдагы жогорку көрсөткүчтү “чечендердин каалоосу экен деш натуура, анткени референдум күн мурунтан сүйлөшүлүп алган убада боюнча өттү», - деп жазат.

Иван Егоров «Газета» (24.03.2003, Иван Егоров – РЕФЕРЕНДУМ ПРОШЕЛ – РЕФЕРЕНДУМ ӨТТҮ) гезитине жазган макаласында 23-мартта жергиликтүү тургундардан сырткары тергөөдө жаткандар жана орусиялык аскер кызматындагылар референдумга арбын катышканын белгилейт.

«Файненшл таймс» гезити : «Жумурияттын тургандары жана Ингушетия жериндеги качкындар лагеринде жашап аткандар болуп референдумга 540 миң киши катышты. Алардын ичинен 80 миңге жакыны - орусиялык аскер кызматындагылар эле», - деп жазып чыкты (24.03.2003, “The Financial Times” - Rafael Behr & Andrew Jack : Chechens vote on Putin plan to end conflict – Чечендер жаңжалды токтотуу жаатында Путин сунуш кылган долбоор үчүн добуш беришти).

Чечен Жумуриятынын орусиячыл негизги мыйзамы кабыл алынган күнү баш калаа Грозныйдагы төрөөт үйүндө 20 наристе жарык дүйнөгө келди. Алардын бакыбат турмушун камсыз кылчу башкы шарттардан болгон саясий бейпилдик аймакта эми качан иш жүзүндө орноор экен?
XS
SM
MD
LG