Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:05

Араб өлкөлөрү Ирак согушун токтотууну талап кылышмакчы


Араб өлкөлөрү Ирактагы согуш боюнча Коопсуздук кеңешинин кезексиз жыйынын өткөрүүгө чакырышты.
Сириянын Бириккен Улуттар Уюмундагы элчиси Михаил Вебенин билдиргенине караганда, Улуттар Уюмундагы араб өлкөлөрүнүн тобу Коопсуздук Кеңешине кайрылып, АКШ баштаган күчтөрдүн Ирактагы согушун кечиктирбей токтотууну жана бардык чет элдик аскерлердин Ирактан чыгып кетүүсүн талап кылмакчы.
Араб лигасы дүйшөмбү күнү Каирде өткөн жыйынында Кошмо Штаттары менен Британияны өз аскерлерин Ирактан эч кандай шарты жок жна токтоосуз чыгарып кетүүсүн талап кылган.

XS
SM
MD
LG