Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:29

Президент А.Акаев Япониянын ишенимдүү өкүлү менен жолугушту


БИШКЕК. Дүйшөмбүдө президент Аскар Акаев Япониянын Кыргызстандагы иштер боюнча убактылуу ишенимдүү өкүлү Сюсукэ Ватанабэ менен жолугушту. Бул тууралуу 25-мартта президенттин басма сөз кызматы билдирди. Ал маалыматка караганда, жолугушууда Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы кызматташуу тууралуу сөз болуп, президент А.Акаев Япония өкмөтүнүн Кыргызстандын 2010-жылга чейинки Комплекстүү өнүгүү негиздерин жактыргандыгына ыраазылык билдирген. Япониянын информациялык технологиялар боюнча улуттук борборду уюштуруу, «Манас» аба майданын жана Бишкек-Ош жолун реконструкциялоо долбоорлору Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы кызматташтыктын келечектүү багыттары болуп жаткандыгы жолугушууда баса белгиленген.

XS
SM
MD
LG