Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:58

Кыргызстандын экология жана өзгөчө кырдаалдар министри Москвага баратат


БИШКЕК. Бүгүн кечинде Кыргызстандын өзгөчө кырдаалдар жана экология министри Сатыбалды Чырмашев иш сапары менен Москвага жөнөп кетет. Бул тууралуу шейшемби күнү министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Андан алынган маалыматка караганда, Сатыбалды Чырмашев 26-мартта Москвада Орусиянын өзгөчө кырдаалдар боюнча министри Сергей Шойгу менен жолугушуп, табигый кырсыктардын алдын алуу, аларды болжолдоо, илимий жактан иликтөө жаатында кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Ошондой эле анда Кыргызстандагы уу калдыктары сакталган жайларды коопсуздандыруу, маалымат алмашуу маселелери талкууланат. С. Чырмашев Кыргызстанга 27-мартта кайтып келет.

XS
SM
MD
LG