БИШКЕК. «Демократия жана жарандык коом үчүн» бейөкмөт уюмдар коалициясы апрель айынан баштап «Калктын күчү - күчтүү кеңештерде» деген ураан алдында атайын өнөктүк өткөрө баштайт. Бүгүн бул тууралуу маалымат берген коалициянын президенти Эдил Байсаловдун айтымында, анын максаты - быйыл күзүндө өтө турган жергиликтүү кеңештерге шайлоо тууралуу калк арасында кеңири маалымат берип, аларды депутаттыкка татыктуу өкүлдөрдү тандоого даярдоо. Ошол себептүү Коалициянын жергиликтүү өкүлдөрү жер-жерлерде 1500 жыйын өткөрүп, шайлоонун мааниси жана жергиликтүү депутаттын ролу тууралуу жазылган 100 миң нускадагы баракчаны таратышат. Шайлоого даярдык көрүүгө багытталган бул кампаниянын экинчи баскычы күзүндө болот.