Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:35

Нефтетрейдерлер ассоциациясы күйүүчү майга карата акциздик салыктын азайтылышын колдойт


БИШКЕК. Күйүүчү майга акциздик салыктын азайтылышын өлкөнүн Нефтетрейдерлер ассоциациясы оң баалады. Бул тууралуу бүгүн өткөрүлгөн маалымат жыйынында ушул ассоциациянын президенти Олег Забара билдирди. Анын айтымында, акциздик салыктын төмөндөшү менен аткезчилик азаят жана күйүүчү майдын баасы 2-3 сомго арзандайт. Көпчүлүк эксперттердин пикиринде күйүүчү майдын айрым түрлөрүнүн 60-70% өлкөгө аткезчилик жолу менен ташылып, андан бюджет 2002-жылы 538 млн. сом чыгаша тарткан. Өкмөттүн токтомуна ылайык 4-апрелден тартып 1 тонна бензинге карата акциз салыгы 3000 сомдон 1500 сомго, ушундай эле өлчөмдөгү дизель майына карата акциз салыгы 800 сомдон 500 сомго азайтылды.

XS
SM
MD
LG