Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:20

«Кыргыз ордо» гезитинин апелляциялык арызы Бишкек шаардык сотунда карала турган болду


БИШКЕК. «Кыргыз ордо» гезитинин апелляциялык арызын Бишкек шаардык соту 31-мартта карай баштайт. Бул тууралуу бүгүн гезиттин башкы редактору Бекен Назаралиев кабарлады. Мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын орун басары Айдарбек Дүйшалиевдин арызынын негизинде Бишкектин Биринчи Май райондук соту 10-январда «Кыргыз ордо» гезитин жабуу жөнүндө чечим чыгарган. Бирок 15-январда бул чечимин ал гезиттин мүлкүн камакка алуу тууралуу чечим менен алмаштырган. Райондук соттун чечимине нааразы болгон редакция апелляциялык арыз менен Бишкек шаардык сотуна кайрылган. Мүлкү камакка алынгандыгына байланыштуу 2003-жылдын башынан бери «Кыргыз ордо» гезити жарык көрбөй келген, бирок акыркы мезгилде «Республика» гезити менен чогуу чыга баштаган. Айдарбек Дүйшалиев «Кыргыз ордо» гезитин анын былтыркы санында жарыяланган «Плагиат бажычы» аттуу макала үчүн сотко берген эле.

XS
SM
MD
LG