Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:59

Эл өкүлдөр жыйынынын депутаттары миграция маселесин карап жатышат


БИШКЕК. Бүгүн Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйыны өз сессиясын улантып, өлкөдөгү ички жана тышкы миграциянын абалын талкуулады. Бул маселе боюнча депутаттарга биринчи вице-премьер-министр, юстиция министри Курманбек Осмонов, тышкы иштер министринин орун басары Лидия Иманалиева, ички иштер министринин орун басары Абдылда Суранчиев маалымат беришти. Сессияда айтылган маалымат боюнча азыр Орусияда 300 миң, Казакстанда 20 миң жана алыскы чет мамлекеттерде 10 миң кыргыз жарандары эмгек миграциясында жүрүшөт. Алардын укуктарын коргоо боюнча тийиштүү иштер жасалууда. Маселен, Орусиядагы кыргыз жарандарынын укугун коргоо максатында апрель айынын орто ченинде кыргыз-орус өкмөттөрүнүн ортосунда протоколго кол коюлат. Анда Орусияда иштеген кыргыз жарандарынын, Кыргызстанда иштеген орус жарандарынын укуктары аныкталмакчы. Талкуунун соңунда парламентарийлер бул маселе боюнча атайын токтом кабыл алышмакчы.

XS
SM
MD
LG