Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:45

«АРНАМЫС» ПАРТИЯСЫНЫН МҮЧӨЛӨРҮН КУУГУНТУКТОО КҮЧӨДҮ


24-мартта «Арнамыс» партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Тынчтыкбек Дуулатов күч органдары тарабынан «адам уурдоого катышкан» деген айып менен камакка алынды. Ошол эле маалда партиянын калган мүчөлөрү да суралып, куугунтукка алынууда. Бийликтин мындай кадамдарын көз карандысыз талдоочулар жана укук коргоочулар «Арнамыс» партиясына каршы саясий кысымдын уландысы катары баалашууда.

«Арнамыс» партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Тынчтыкбек Дуулатов «Конституциянын жаңы редакциясы элдин сынына коюлган 2002-жылдын 2-февраль күнү Бакыт Чордоев аттуу жаш баланы уурдоого катышкан» деген айып менен 24-мартта камакка алынды. Бакыт Чордоев башка бир катар адамдар менен бирге Бишкек шаарындагы №24, №28 мектептерде, Шубин атындагы музыкалык окуу жайда жана Кыргыз тоо-кен металлургия институтунда жайгашкан шайлоо участокторунда кайталап добуш берген. Анын мындай мыйзамсыз аракеттерин оппозиция өкүлдөрү кармап калышат да, Бакыт Чордоев референдумга көзөмөл жүргүзүү максатында саясий партиялар жана бейөкмөт уюмдар түзгөн коомдук штабга («Арнамыс» партиясынын кеңсесине) келип, жалпы элдик добуш берүү учурундагы мыйзамсыз аракеттер тууралуу айтып берген.

«Арнамыс» партиясынын мүчөлөрү «Бакыт Чордоев штабга – «Арнамыстын» кеңсесине өз эрки менен келген» дешсе, бийлик «оппозиция Чордоевди уурдап, көрсөтмө берүүгө мажбурлаган» деп, кылмыш ишин козгогон. Ал иш боюнча депутат Өмүрбек Текебаев, «Арнамыс» партиясынын штаб башчы Эмил Алиев баштаган бир катар мүчөлөрү жана журналист Төлөгөн Сулайманов суракка алынып келет. Тынчтыкбек Дуулатов да мына ушул иштин негизинде камакка алынды.

«Арнамыс» партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Абдысапар Биялиновдун айтымында, Бакыт Чордоевдин айланасындагы иштер - бийлик тарабынан «Арнамыс» партиясынын жана оппозициянын катарындагы адамдарды коркутуп-үркүтүү максатында ойлонуп табылган иш:

- Менин оюмча, 2-февралда өткөн референдумдагы мыйзам бузууларды жаап-жашыруу максатында жана бийликтин мындай чектен чыккан, мыйзамсыз кадамдарын кармап алган оппозициянын жана «Арнамыс» партиясынын мүчөлөрүнөн турган коомдук штабдын мүчөлөрүн коркутуп, куугунтукка алуу максатында, дагы бир жолу сес көрсөтүп коюлу деген максатта ойлонулуп табылган иш деп эсептейм. Мени да телефон аркылуу Бишкек шаардык ички иштер бөлүмүнө чакырышты, барып көргөн–билгенимди айтып бердим.

Анын айтымында, бул иштин бийлик тарабынан уюшулганына дагы бир далил - Бакыт Чордоевдин бир канча шайлоо участокторун кыдырып добуш бергенин оппозиция кармап алгандан кийин, аны жашыруу максатында Бишкек мэриясы токтом чыгара коюп, ал аркылуу «шаардын көрктөндүрүү кызматтары референдум күнү шайлоо участоктору жайгашкан мектептерде жана окуу жайларда таштанды чогултуп, тазалыкка көзөмөл жүргүзөт» деп, Бакыт Чордоевди референдум күнү бир нече шайлоо участокторун кыдырганын мыйзамдаштырып койгон. Бакыт Чодроев болсо Бишкек шаарынын Биринчи Май районуна караштуу көрктөндүрүү ишканасында иштейт.

«Арнамыс» партиясынын мүчөсү Бөдөш Мамырова Абдысапар Биялиновдун оюн колдоду:

- Мени да ушул маселеге байлап, милицияга эки ирет чакырышты. Бакыт Чодроевди штабга эч ким күчкө салып алып келбегенин, тескерисинче, ага жылуу-жумшак мамиле жасаганыбызды айтып бердим. Тергөөчүлөр «Бакыт Чодроевди штабга ким алып келген?» деп, айыптуу адам издешип жатат. Ошондон улам «арадай жерден чарадай маселе жараткан» бийликтин мындай аракеттерин «Арнамыс» партиясын дагы бир ирет кысымга алганы, дагы бир жолу оппозицияны куугунтукка алганын күчөткөнү деп эсептейм.

Белгилүү саясий ишмер, депутат Өмүрбек Текебаев да бул окуяны саясий куугунтук катары баалады. Анын айтымында, Кылмыш-Жаза кодексиндеги «адам уурдоо» деген статья боюнча иш козгош үчүн бир катар далилдүү белгилер болушу шарт, ал эми Бакыт Чодроевди уурдалды деп айтууга андай негиздер жок:

- 2-февралдагы бул окуя Кылмыш-Жаза кодексиндеги «адам уурдоо» деген статьяга туура келбейт. Себеби, мыйзамда «эгер кармалган адам дароо кое берилсе, анда бул кылмышка жатпайт» деп ачык жазылган. Бул биринчиден. Экинчиден, «адам уурдалды» деген жыйынтыкка келиш үчүн, ал адамга күч колдонулуп же коркутуп-үркүтүү болушу керек. Бакыт Чодроевди эч ким коркуткан да эмес, ага карата күч колдонуу да болгон эмес, ал өз эрки менен штабга келген. Бардык белгилери боюнча бул окуя кылмышка жатпайт. Ошондон улам мен бул иш саясий максаттан улам козголгон деп эсептейм.

Өмүрбек Текебаевдин сөзүнө караганда, Тынчтыкбек Дуулатовду түрмөгө салуунун эч кандай себептери жок болчу.

- Тынчтыкбек Дуулатовду камоого эч кандай мыйзам жол бербейт. Себеби, ал деле башкалар сыяктуу бул окуяга күбө катары гана тиешеси бар болчу. Менимче бийлик анын чет өлкөлөрдүн бирине кетүү максатында саясий башпаанек сурап жүргөнүнөн кабары бар болчу. «Эгер чет өлкөгө кетип калса Кыргызстандын кадырына доо кетет» деген ойдо аны эртелеп камап салышты. Бул да болсо «Арнамыс» партиясынын жана оппозициянын мүчөлөрүн куугунтукка алуунун уландысы.

Бийлик өкүлү, биринчи вице-премьер-министр Курманбек Осмоновдун айтымында иштин жагдайына карата Бакыт Чодроевди «уурдалды» деп да, «мыйзамсыз кармалды» деп да негиздөөгө болот жана андай укук күч органдарынын колунда:

- Бул окуя иштин жагдайына жараша адамды мыйзамсыз түрдө эркинен ажыратып кармоо жана эркин жүрүүсүнө тоскоол катары эсептелиши мүмкүн. Эгер күч колдонуп кармай турган болсо, бир жерге алып барып камай турган болсо «мыйзамсыз кармоо, камоо» деп аныкталат да, иштин жагдайына жараша квалификацияланат.

Айтмакчы, «Арнамыс» партиясы 2002-жылдын февраль айынын башында ижарада турган кеңсесинен чыгарылган болчу. Кең Бишкекте жаңы кеңсе табуу Феликс Кулов башында турган бул партиянын мүчөлөрү үчүн кыйын ишке айланды.

- «Арнамыс» деген атты уккандар кеңсесин ижарага берүүдөн дароо баш тартышууда, - дейт Абдысапар Биялинов.
XS
SM
MD
LG