Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:12

ЭЛ ӨКҮЛДӨР ЖЫЙЫНЫНДА КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ИЧКИ ЖАНА ТЫШКЫ МИГРАЦИЯ МАСЕЛЕСИ ТАЛКУУЛАНДЫ


Бакыт Аманбаев, Бишкек Эл өкүлдөр жыйынынын депутаттары бүгүнкү отурумунда палатанын 2001-жылдын 23-ноябрындагы «Кыргызстандагы миграциялык процесстерди укуктук жактан камсыз кылуу» тууралуу токтомунун турмушка ашырылышы жөнүндө аткаруу бийлик өкүлдөрүнүн маалыматын угушту.

Токтомдун аткарылышы тууралуу депутаттарга вице-премьер-министр Курманбек Осмонов, Эл өкүлдөр жыйынынын эл аралык маселелер боюнча комитетинин башчысы Кыдыкбек Исаев, тышкы иштер министринин орун басары Лидия Иманалиева, ички иштер министринин орун басары Абдылда Суранчиев маалымат беришти. Андан соң өкмөттүн өкүлдөрү өлкөдөгү ички-тышкы миграция боюнча депутаттардын суроолоруна жооп беришти. Курманбек Осмонов учурда миграция процесстерин жөнгө салуу боюнча бир катар иш-чаралар жүргүзүлгөндүгүнө токтолду. Мисал катары ал өкмөттүн алдында кыргызстандык жарандарды башка өлкөлөргө мыйзамсыз алып чыгып сатууга каршы улуттук кеңештин жана өлкөдөгү миграциялык процесстерди турукташтыруу боюнча мекеме аралык комиссиянын ишмердүүлүгүн атай кетти.

Ал эми тышкы иштер министринин орун басары Лидия Иманалиеванын маалыматына караганда, учурда Орусиянын аймагында 300 миң, Казакстанда 20 миң, ал эми алыскы чет өлкөлөрдө 10 миңдин тегерегинде кыргызстандык жарандар бар. Анын айтымында, келечекте Орусияда жүргөн кыргызстандыктар күч менен чыгарылбайт. Анткени аталган маселе боюнча буга чейин эки өлкөнүн өкмөттөрү токтом кабыл алышкан. «Мындан тышкары ушул токтомдун негизинде өкмөт аралык комиссия жетекчилери үстүбүздөгү жылдын 17-18-апрелинде Москвада миграция маселесине байланыштуу протоколго кол коюшат», - деп кошумчалады Лидия Иманалиева.

Депутаттарды мындан тышкары азыр Өзбекстандан жана Тажикстандан көчүп келишкен улутташтар тууралуу маалымат кызыктырды.

Депутат Курманбек Шариповдун: «Эмне үчүн коңшулаш өлкөлөрдөн келген жарандар Кыргызстандын паспортун ала албай жатышат?» - деген суроосуна Курманбек Осмонов:

- Өзбекстан, Тажикстандан келген жарандар ал өлкөлөрдүн каттоосунан чыгышкан эмес. Өзүңүздөргө маалым, Кыргызстанда кош жарандуулукка жол берилбейт, - деп жооп берди.

Ал эми депутаттардын «Эмне үчүн эки тараптуу мамлекеттик келишимдерге карабай Өзбекстан Кыргызстандын анклавдарына баруучу жолдорду тосуп алат? Эмне үчүн Кыргызстан мына ушундай маселелерде Өзбекстанга тең ата мамиле жасабайт?» - деген суроолоруна:

- Эгерде дипломатиялык жолдор натыйжа бербесе, Кыргызстан да адекваттуу мамиле жасашы мүмкүн, - деп жооп узатты Курманбек Осмонов.

Эл өкүлдөр жыйынынын эл аралык байланыштар боюнча комитетинин башчысы Кыдыкбек Исаев өлкөдөгү миграция маселесин жөнгө салыш үчүн бул маселенин үстүндө иштеген мамлекеттик органдардын башын бириктирип, бирдиктүү бир орган түзүүнү сунуштады. Ал эми айрым депутаттар жана саясатчылар Кыргызстандагы ички-тышкы миграциянын күчөшүнүн себеби жана аны азайтуу боюнча ар башка көз карашта.
Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Орозбек Дүйшеев бул боюнча өз оюн мындайча ортого салды:

- Миграция деп маданиятуу айтып айтабыз. Мындайча айтканда булар жумуш издеп тентип жүргөн адамдар. Анын башкы себеби - кыргыз аткаруу бийлигинин өндүрүшкө көңүл бурбагандыгында жана сөз менен иштин айырмасында болуп жатат. Биздин бийлик сөз менен, салык менен элди байытам деген ойдо. Бул туура эмес.
XS
SM
MD
LG