Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:52

Бириккен Улуттардын Коопсуздук кеңеши Ирак боюнча бүгүн чукул жыйын өткөрүшү мүмкүн


Бул тууралуу бүгүн Орусиянын тышкы иштер министрлигинин өкүлү Андрей Грановский кабарлады.
Чукул жыйынга Орусия жана Кытай колдоо билдирип жатышат. Кытайдын тышкы иштер министринин маалымат катчысы Коң Куан мындай деди: “Биз тийиштүү өлкөлөрдү согушту дароо токтотуп, Ирак маселесин саясий жол менен чечүүгө чакырабыз”.
Чукул жыйын өткөрүүнү Араб Лигасы кечээ сунуш кылган. Сириянын БУУдагы элчиси "араб өлкөлөрү Коопсуздук кеңешинен Иракка кол салууну дароо токтотуп, өлкөдөн чет элдик аскерлерди чыгарууну талап кылган резолюция кабыл алууну суранат" деп айтты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG