Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:28

БЕНЗИН МЕНЕН ДИЗЕЛЬ МАЙЫНЫН АКЦИЗДИК САЛЫГЫ АЗАЙТЫЛДЫ


Сапар Орозбаков, Бишкек 24-мартта өкмөт бензинге жана дизель майына акциздик салыктын өлчөмүн азайтуу тууралуу токтом кабыл алды. Бүгүн өлкөгө нефти продукциясын ташып келип саткан компаниялардын өкүлдөрү буга байланыштуу «АКИ-пресс» агенттигинде маалымат жыйынын өткөрүшүп, өкмөттүн чечимин аткезчиликке урулган сокку катары баалашты. Алардын айтымында, эми бензиндин дүң баасы 9 сом, дизель майыныкы болсо 8 сом 50 тыйын болуп, май куюучу жайларда 1 сом-1 сом 50 тыйын кошулуп сатылат.

Өкмөт өзүнүн кечээ чыгарган токтому менен бензиндин акциздик салыгынын өлчөмүн тоннасына 3000 сомдон 1500 сомго, дизель майыныкын болсо 800 сомдон 500 сомго төмөндөттү. Бул токтом 4-апрелден баштап күчүнө кирет.

- Бул биздин жаш мамлекетибизде ишкерлердин кызыкчылыгы үчүн кабыл алынган токтомдордун чечүүчүлөрүнүн бири. Ал күйүүчү май рыногунда кескин бурулуш жасоого мүмкүнчүлүк берет деп эсептейм, – деди «Альянс» нефти компаниясынын өкүлү Өмүрбек Бапанов.

Нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Олег Забаранын айтымында, мунай продукциясын ташып келип саткандар мунай заттарына акциздик салыкты азайтуу маселесин 2 жылдан бери коюп келет. «Биздин акциздик салык кошуна өлкөлөрдүкүнө караганда 2 эсе жогору» дейт ал. Ошондуктан базар аткезчилик жолу менен канистралап ташылып келинген бензинге толуп кеткен. Аткезчилик керектөөчүлөрдү арзан бензинге карк кылганы менен, О. Забаранын айтымында, бул нефти өндүрүүчүлөргө да, нефти сатуучуларга да, мамлекетке да эбегейсиз зыян келтирип жатат. Өкмөттөн алынган маалыматтарга караганда, аткезчиликтин айынан өлкөдө бензин өндүрүү 72 миң тоннадан 48 миң тоннага чейин азайып кетти. Бензиндин импорту болсо 185 миң тоннадан 145 миң тоннага түштү. Мурда акциз салыгынан бюджетке 415 млн. сом түшүп турган болсо, өткөн жылы болгону 265 млн. сом түштү. Мунай ташып келүүчүлөрдун маалыматы боюнча 1996-жылдан бери бюджет жалаң гана акциз салыгынан 807 млн. сом жоготууга учураган.

Мунай ташып келип сатуучулар, канистра менен сатылып жаткан бензин мыйзамдуу түрдө эле эркин экономикалык зоналар аркылуу келип жаткан бензиндин жанында шоона эшпей тургандыгын айтышат. Эркин экономикалык зоналарда катталган ишканалар кошумча нарк салыгынан жана акцизден бошотулгандыктан, алардын бензининин баасы 7 сом 60 тыйын болуп чыгат экен. Алардын бензини «канистрачылардыкынан» да арзан. Мыйзамдуу түрдө келген бензиндин көпчүлүгү ошолордуку. Мисалы «Каракол» эркин экономикалык зонасына түшүп, бүткүл өлкөгө таркатылып жаткан бензиндин импорту жалпы импорттун 80% жетет.

Нефтетрейдерлер «Эркин экономикалык зона жөнүндөгү» мыйзамда такталбаган жоболордун бар экендигин, мыйзам эч нерсе өндүрбөй бензин алып-сатып пайда көрүүгө мүмкүнчүлүк берээрин айтышат. Өкмөт бул маселени депутаттар чечкенге чейин эркин экономикалык зоналар аркылуу бензиндин импортуна убактылуу тыюу салып туруу боюнча милдеттенме алган.

«Акциздик салык азайтылгандан кийин бензин менен дизель майынын баасы канча болот?»- деген суроогоӨмүрбек Бапанов мындайча жооп узатты:

- Токтом 4-апрелде күчүнө кирсе, 15-20-апрелде бензиндин дүң баасы 9 сом, дизель майынын дүң баасы 8 сом 50 тыйын болуп калат деп ойлойбуз. Бул баа менен мунай базалардан дыйкан чарбалары сатып ала алышат. Май куюучу жайларда болсо анын баасы 1 сом - 1,5 сом өйдө болот.

Бапанов контабанда 80% азаярын белгилейт.

Өкмөт акциздик салыктын төмөндөшү андан бюджетке түшчү акчанын көлөмүн 229 млн. сомго азайтат деп эсептейт. Ошондуктан нефтетрейдерлер да ал акчанын ордун толтуруп берүүгө өкмөт алдында милдеттенме алышты.

XS
SM
MD
LG