Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:29

ИРАКТАГЫ СОГУШ, КЫРГЫЗДЫН БАЙЫРКЫЛЫГЫ, САЛЫК САНААСЫ


Ирактагы согуш, кыргыз улутунун байыркылыгы, өлкөнүн экономикалык-саясий турмушундагы урунтту окуялар кыргыз басылмаларында кандай чагылдырылып жатат?

Ирак проблемасын Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин чечимин күтпөй, күчкө салып чечүү аракети Кыргызстанды кыйла кабатырга салганын өлкөнүн тышкы иштер министри Аскар Айтматов 20-мартта билдирген. Министрдин билдирүүсү шейшембидеги «Слово Кыргызстана» гезитинде жарыяланды. «Кыргызстан Ирак проблемасын Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин чечимине негизденип тынч жол менен жөнгө салууну жактырат», деп билдирди А.Айтматов. Анын айтымында, «Манас» аба майданындагы эл аралык аскерлер Ооганстандагы антитеррордук операцияга гана катышат.

Ушул эле гезиттеги Рустембек Мусурманкуловдун «Жалгыздарга жардам берилеби?» деген макаласында айылдагы жер менен социалисттик мүлктү бөлүштүрүүдөн куржалак калган жаштарга көмөк көрсөтүү зарылдыгы айтылат. Автордун пикири боюнча, аракечтер менен жалкоолорго жардам бергенден пайда жок.

Шейшембидеги «Эркин тоо» гезитинде Кожош Мусаевдин «2003-жыл кыргыз тарыхынын өчпөс тамгасы болот» деген маеги басылды. Анын ырастоосуна ынансак, мындан 6000-7000 жыл мурун кыргыздар Орто Азияда эл болуп жашаган, Оркон-Енисей руникалык жазуулары биздин заманга чейинки 2500-жылдыкта эле белгилүү болгон. Кыргыздардын байыркылыгы кытайлык кыргыз окумуштуу Макелек Өмүрбайдын ушул эле гезиттеги маегинде да ырасталат. Илимпоздун айтымында, «кытай жазмалары 26 доордон, 26 тарыхтан турат. Ар бир доору жүз жылдан үч жүз жылга чейинки тарыхты камтыйт. Ошонун ичинде кыргыздар 12 тарыхтан жолугат. Ал материалдар кыргыз тарыхына аябай төп келет”.

Макелек Өмүрбайдын кытайдагы жазма булактарда “кыргыз” аталышы көп учурай тургандыгын маалымдаган экинчи бир маеги шейшембидеги “Кыргыз туусу” гезитинде жарыяланды. “Кытай тарыхчыларынын ырастоосу боюнча,- дейт Макелек Өмүрбай, - андан кийинки 12 доордун жазма булактарында кыргыздар жөнүндө маалыматтар бар. Алардын баарын топтосо 12 томдон кемибеген материал болот. Түздөн-түз кыргыздар жөнүндөгү баяндардын өзү эле 65 жерден жолугат». Окумуштуунун айтымында, кытай жазма булактарында “кыргыз” деген аталыштын 15 варианты бар.

Шейшембидеги “Моя столица” гезити Ирактагы согуштун экологиялык кесепети Кыргызстанга тийиши күмөн экендигин жарыя кылды. Анткен менен, жанармай өртүнүн ышы Памир, Алай тоолорун капташы ыктымал. Бул ансыз да ысуулап аткан планетадагы мөңгүлөрдүн азайышына алып келиши мүмкүн. Журналист Замир Өсөровдун “Салык иштеп аткандардын кендирин кеспеш керек” деген аталыштагы макаласы кыймылсыз мүлк салыгынын проблемаларына арналган. Автордун пикиринде, “кыймылсыз мүлк салыгынан иштеп аткан лөк ишканалардын кыйласы банкротко учурашы мүмкүн. Мурунку Союздан калган ири ишканалардын көбү ушу тапта толук иштебей, салыктан башы көтөрүлбөй туру, жаңы салык аларды сызга отургузат”.

“Кайыңды-Кант” заводунун уставдык капиталын 1 миң сомдук “Перидот-Анштальт” жоопкерчилиги чектелүү коому кантип менчиктештирип, сызга отургузганы Жолдошбек Зарлыкбековдун “Агым” гезитинин шейшембидеги санында жарыяланган макаласында баяндалат. Басылмадагы Мамат Сабыров уюштурган “тегерек үстөл” маеги “Үзөңгүкууш: уттукпу, уттурдукпу?” деген талашка арналган. Кыргыз өкмөтүнүн жооптуу кызматкери Саламат Аламановдун ырасташынча, Үзөңгүкууш участогу боюнча чек ара мамыларын орнотуу толук бүтө элек, былтыр жыл жаанчыл болуп мамы орнотчулар ишти аягына чыгара алышпады.

Ирактагы кан төгүүнү “Аалам” гезити “Жырткычтык согуш” катары сыпаттады. Гезит автору Мырзакубат “дүйнө бөлүнө баштады, бирок Американын пайдасына эмес” деп бүтүм чыгарат. Ирак темасына Дыйканбек Садык уулу “Кичинекей Буш жана чоң Саддам», Чагылган Сабыр уулу “АКШ солдаты Иракка болушуп” деген макалаларында кайрылышкан.

Бишкектеги Американын Борбордук Азия университетинин студенттери Ирак согушун токтотуу талабын көтөрүп демонстрацияга чыгышканын шейшембидеги “Вечерний Бишкек” гезити жазды. Гезиттин “Биздин айтаарыбыз: согуш – токтолсун!” аттуу кол топтоо акциясына 5 жарым миңден ашуун адам катышкан.
XS
SM
MD
LG