Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:49

ОРУС КУРАЛЫ ИРАККА КАЙДАН КЕЛДИ?


Муса Мураталиев, Москва Ирактагы согуш орус коомчулугун да эки жаатка бөлүп, ич ара жаакташтыра баштады. Бир тарабы ирак элин, экинчи жагы Буштун союздаштарын коргоп жатышат.

Согуш мындан ары кандай багытта өнүгө тургандыгына түкшөмөл жасап, орус генералы Ивашов «америкалар кантсе да тактикалык курал,атап айтканда,анча чоң эмес, Багдад калаасын бүлүнгө салганга жарагыдай өзөктүк курал колдонушу» мүмкүн экенин эскертти. Генерал мунун себебин ирак элинин өзгөчө кайраты менен түшүндүрдү. Алар жакында америкалыктарга “чакан Сталинград” капканын уюштурат, буга жооп кылып америкалыктар атом бомбасын колдонот, - деп билдирди Ивашов.

Жекшемби күнү АКШнын Мамлекеттик департаменти орусиялык айрым компаниялар ирак аскерлерине танктарга каршы колдонула турган куралдарды, ошондой эле атылган ракетаны жолунан жаңылтуучу радиоэлектрондук аспаптарды саткандыгы үчүн Москвага нааразылык билдирди. Бирок муну орусиялык расмий чөйрө - президент Путинден тартып тышкы иштер министрине дейре – кескин четке какты. Генерал Ивашовдун жообу саал башкача болду. Иракка ири өлчөмдө эч кандай курал жөнөтүлгөн эмес, деп билдирди генерал. Бирок орус куралдары Багдадга үчүнчү бирөөлөр аркалуу жетиши ыктымал деген божомолдун жөнү бар экендигин Ивашов моюнга алды. Андай куралдарды ирактыктар башка бирөөдөн сатып алышы толук мүмкүн, биз аларды контролдой албайбыз, деп ырастады Ивашов.

Ошол эле учурда британдык «Файненшл таймс» гезити орусиялык үч фирма Иракка курал сатып келгендигин жазып чыкты. Ушуга үндөш дагы бир макала «Вашингтон пост» гезитинде жарыяланды. Анда да Москва менен Тула калааларында жайгашкан үч фирма кандай курал сатканы айгинеленген. Баса, былтыр Иракка танапташ жаткан Сирияга орусиялыктар танке атчу курал сатканы калганда буга Кошмо Штаттары каршы чыгып, ошонун айынан соода токтоп калган эле. “Бирок кийинки эки ай ичинде аталган фирмалар Иракка «Корнет» ракеталарын сатып келген. Документтерде алар Йеменге сатылганы көргөзүлгөн», - деп жазат газета.

Ирактын айынан тутанган талаш-тартыштар депутаттар арасында да жанданып, алардын бүйүрүн кызытууда. Маселен,Мамдуманын вице-спикери Любовь Слиска менен депутат Алексей Митрофановдун айтышынан бир үзүм келтире кетели. А.Митрофанов:

«Сиз президент Путинди коргогонуңузда, мен муну түшүнөм,бирок согуш тутанткан президент Бушту коргоп эмне кыласыз! Мен мындай позицияны түк түшүнбөйм»,-деп таңданды. Л.Слиска буга жооп кайтарып: «Мага Буш эркек катары абдан жагат!», - деп билдирди.
XS
SM
MD
LG