Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:45

ОРУСИЯ ЖЕТЕКЧИЛИГИ ЧЕЧЕНСТАН АНЫН КУРАМЫНДА ЭКЕНДИГИНЕ ТОЛУГУ МЕНЕН ИШЕНЕТ


Төрөкул Дооров, Москва Жекшемби күнү Чеченстанда Конституция боюнча өткөн референдумдун алдын ала берилген жыйынтыктары жалпы эл-аралык коомчулук үчүн күтүлбөгөн көрсөткүчтөрдү берди. «Республика калкынын шайлоого жарамдуу бөлүгүнүн 85%ы референдумга катышкан жана анын 95%ынан көбү референдумда коюлган үч суроого тең оң жообун берген» деп маалымдайт Орусиянын Борбордук Шайлоо комиссиясы.

Референдумдун акыркы жыйынтыктары азырынча белгилүү болбосо да, «Чеченстан мындан ары Орусиянын 89 субъектилеринин бири» деп толук ишеним менен айтууга болот. Бул тууралуу Орусия Президенти Владимир Путиндин «Орусиянын аймактык бүтүмдүгү тууралуу негизги талаш маселени эми жабык деп эсептейбиз» деген сөзүнөн да байкоо кыйын эмес:

- Ушул убакытка чейин куралын таштабагандар мындан ары бийик тутуп келишкен жалган ишенимдерине эле эмес, өзүнүн элине да каршы багытталгандар деп таанылуусу керек.

Ал эми куралын таштоого үлгүргөн жоочуларга жарыялана турган мунапыс да, жумурияттын юстиция министрлигинин билдиргенине караганда, эч кандай тоскоолдукка учурабайт. Бирок, президент жардамчысы Сергей Ястрежембскийдин айтымында, мунапыска ээ боло тургандардын тизмесине оор кылмыш иштери менен таанымал жикчилер киргизилбейт.

Кремль он жылга чукул мезгил бою уланып келген чечен проблемасында жеңишке жетишти. Анын колунда бүгүн чоң юридикалык курал бар. Ошол куралдын негизинде бийлик чечен элинин жалпы колдоосуна ээ деп таануу абзел. Бирок, бул жеңиш аны чечен калкынын алдында чоң убадаларды берүүгө аргасыз кылды. Эмки кадам, Чеченстан республикасынын Мамлекеттик думадагы депутаты Асламбек Аслахановдун пикиринде, ошол берилген убадаларды жүзөгө ашырууда турат:

- Билесизби, республикада стабилдүүлүктү орнотуу үчүн курулган пайдубал күчтүү деп ойлойм. Бирок, эгерде референдумга чейин элге берилген убадалар орундалбаса, жумшаган баардык аракеттерибиз текке кетет.

Бул убадалардын катарында республиканын башка субъектилерге салыштырмалуу өзгөчө автономиялуулугу, өз ыктыяры менен куралын таштап, тынч жашоону тандаган мурдагы жикчилерге мунапыстын берилиши, акыр аягында тынчтыкты камсыз кылуу өңдүү элдин каалоосу бар.

Ушул тапта орусиялык гезит беттеринде референдумдун канчалык деңгээлде ачык өткөндүгү кызуу кепке алынууда. Алардын айрымдары кабарлашкандай, масхадовчулар референдум жыйынтыгын мыйзамсыз деп табышты. Ошол эле учурда шайлоо жүрүшүнө көз салышкан эл-аралык байкоочулардын ойлорунда, «Чечен бийлиги элдин өз каалоосун билдирүүгө толук мүмкүндүк беришкен». Ал эми чеченстандык депутат Асламбек Аслаханов «шайлоо учурунда же анын жыйынтыгын аныктоодо көз боёмочулуктар болгондугу мүмкүн» дейт:

- Бизде сталиндик ыкманы колдонуп, «эң башкысы - кандай добуш бергени эмес, кантип эсептегени маанилүү» деген ураанды мыкты колдонушкан адистер толтура. Андыктан, шайлоо жыйынтыктары бурмаланган болушу.

Референдум артынан дагы эки маселе табышмактуу көрүнүп, түрдүү божомолдорду жаратууда. Булардын бири - Чеченстан даминистрациясынын башчысы Ахмад Кадыровдун жаңы саясий ролу, ал эми экинчиси - эмне үчүн референдумга чейин элди үркүтүп келишкен жоочулардын шайлоо күнүндө такыр эле дайынсыз жоголуп кетишкендиги. Балким, бул маселе Москванын саясий технологиясынын жардамында ишке ашырылган болуп жүрбөсүн?

- Масхадов тобундагы жикчилердин референдум күнүндө өздөрүнөн кабар беришпегендиктери тууралуу ар кандай божомолдорду айтууга болот. Менин оюмча, Москва менен ошол сепаратисттердин ортосунда кандайдыр бир макулдашуулар болсо керек. Эгерде бул чын болсо, баары бир Москва утушка ээ болду – деп эсептейт «Карнеги» Корунун саясий изилдөөчүсү Алексей Малашенко.

Анын оюнча, Чеченстан референдуму менен байланыштуу көптөгөн табышмактарга жакынкы мезгилдерде жооп табылат.
XS
SM
MD
LG