Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:37

ИРАКТАГЫ СОГУШ ОЙДОГУДАЙ ЖҮРҮП ЖАТАБЫ?


Нарын АЙЫП, Прага Иракка каршы аскерий аракеттердин башталганына жети күн болду, бирок согуш даярдагандардын алгачкы пландары ишке ойдогудай ашпай жаткандай. Улуу Британиянын премьер-министри Тони Блэр америкалык президент Жорж Буш менен сүйлөшүү үчүн 26-март күнү шашылыш түрдө АКШга учуп чыкты.

Улуу Британиянын тышкы иштер министри Жек Строунун айтымында, Жорж Буш менен Тони Блэрдин жолугушуусу мурда эле пландаштырылган, бирок Блэр АКШга шашылыш түрдө кетип жатканы да жашыруун эмес. 26-март күнү кечинде жана 27-синде эртең менен ал Вашингтон калаасынын алдындагы Кэмп-Дэвидде Буш менен Ирак согушунан келип чыккан маселелерди талкуулайт. 27-март күнү кечинде болсо ал Нью-Йоркко келип, Бириккен Улуттардын баш катчысы Кофи Аннан менен да жолугат.

Блэрдин өзүнүн айтымында, жолугушуулар учурунда жалпы маселелер каралат: "Кэмп-Дэвидде мен президент Буш менен жолугуп, жөн гана согуштагы кырдаал жөнүндө эмес, азыркы окуялардын келечекке боло турган таасири жана дипломатиялык аракеттер тууралуу сүйлөшөбүз. Мисал үчүн, Америка менен Европа ортосундагы мамилелерди оңдоо, согуштан кийинки Ирактын чарбасын калыбына келтирүү жана ага гуманитардык жардам көрсөтүү маселелери, андан тышкары Жакынкы Чыгыштагы абал жана жалпы эле Араб дүйнөсү менен болгон мамилелер талкууланат".

Буш менен Блэр талкуулай турган маселелер арбын. Биринчиден, АКШ менен Улуу Британия эл аралык коомчулуктун пикирине каршы чыгып, Бириккен Улуттардын колдоосун албастан Иракка каршы согуш баштап жиберди. Экинчиден, согуш алардын оюндагыдай ылдам аяктай тургандай эмес. Эң негизгиси болсо, америкалык жана британиялык аскерлер арасында күтүлбөгөн өлүмдөр орун алууда жана дагы бир жагдай - америкалык жаңылыш бомбалоодон өлгөн британиялык аскерлердин саны согуш майданында каза болгондордон он эсе көп.

Бардыгы болуп алты күндүн ичинде 20 британ аскери курман болду, алардын он алтысы - америкалык ракеталар жаңылыштык менен британиялык тик учмаларга тийгенден каза тапты. Дагы эки аскерди британиялык жоокерлер өздөрү танк менен атып өлтүрүп алышты жана бир нече аскер жарадар болду. Согуш майданында болсо, Басра шаарынын алдындагы салгылашууда эки британ солдаты курман болду жана дагы эки аскер азырынча "дайынсыз жоголду" деген эсепте.

Аскерий аракеттер башталаардын алдында америкалык жана британиялык жетекчилер менен эксперттердин арасында согуш ылдам бүтөт, Ирак аскери коалициялык күчтөргө туруштук бере албайт, андан тышкары, өлкөнүн түндүгүндөгү күрддөр менен түштүктөгү шиийлер жана жалпы эле ирак эли көтөрүлүшкө чыгып, президент Саддам Хусейнди өздөрү бийликтен кулатат деген пикирлер өмүр сүргөн.

Бирок азыр Вашингтон менен Лондондо согуш канча убакытка созулаары белгисиз деп айтыла баштады. Коалициялык күчтөр согуштун экинчи эле күнү басып алды деген Умм Каср шаарынын алдындагы салгылашуулар дагы бир нече күнгө уланды. Америкалык жетекчиликтин айтымында, коалициялык күчтөр Багдад шаарына жакындап калды, бирок Ирак маалымат каражаттарынын айтканына караганда, абал такыр андай эмес жана президент Хусейндин гвардиясы азырынча согуш аракеттерине кирише да элек.

Ирак сыналгысы мезгил-мезгили менен курман болгон жана туткунга түшкөн америкалык солдаттарды көрсөтүп жатат, америкалык тарап болсо - согушта канча АКШ аскери курман болгонун так айтпайт, бирок каза тапкан ирактыктардын саны беш жүздөн ашуусу мүмкүн деп жоромолдойт. Ошентип, Буш менен Блэр талкуулай турган маселелер көп, бирок алар кандай болгон учурда да Ирак элине эгемендүүлүк берүүнү эңсейт.
XS
SM
MD
LG