ЖАЛАЛАБАД. АКШнын Нью-Йорк калаасында жашаган музыкант Антонио Пааш обончу Ырысбай Абдыкадыровдун «Сагынуу» деген ырынын негизинде жазган 4 бөлүмдүү симфониясынын нотасы Ы. Абдыкадыровдун Жалалабад университетиндеги клубуна келди. Клуб жетекчиси Султан Борошевдин бүгүн билдирүүсүнө караганда, Антониого обончунун чыгармаларын «Тынчтык корпусунун» ыктыярдуусу катары Жалалабад университетинде 2 жыл мурда иштеп кеткен иниси Винни Пааш тааныткан. Винни Пааш С.Борошевге Ы.Абдыкадыров жана анын ырлары боюнча англисче ыр жазгандыгын кабарлаган. Обончунун клубу менен облустук сыналгы Ы.Абдыкадыровдун ырларын аткаруучулардын 24-25-апрелде өтүүчү эл аралык конкурсуна америкалык музыканттар менен катар Борбордук Азиядагы профессионал эмес ырчыларды чакырууну чечти.
Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар –Бүбүкан Досалиева жана Айданбек Акмат уулу
Редактор – Жыргалбек Касаболотов
Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар –Бүбүкан Досалиева жана Айданбек Акмат уулу
Редактор – Жыргалбек Касаболотов