Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:05

Тажикстандык жарандар кыргыз жарандарынын менчигине кол салышты


БАТКЕН. Тажикстандын Сурф айылынын он чакты тургуну Баткендин Паскыарык айылынын тургуну Абдурашид Набиевге тиешелүү жер участогундагы 50 түп өрүктү жулуп кетишти. Кечээ кечинде болгон бул окуя тууралуу Паскарык айылынын жашоочусу Советбек Пирматов бүгүн «Азаттык» радиосуна мындай деп билдирди: «Дүйшөмбү күнү тажиктер менен кыргыздар жер талаштык. Паскыарык айылы менен Тажикстан чектешкен жерде бош жер бар. Ошол жерди тажиктер «биздин жер» дейт, кыргыздар «биздин жер» дейт, ошентип көп жылдан бери талашып келатабыз. Ал жер негизи Кыргызстанга карайт, тажиктер негизсиз эле талашып атышат. Биз ошол жерди тосуп, өрүк тиккен элек. Ошол өрүк көчөтүнүн 50гө жакынын алар шейшембиде келип, сындырып кетишиптир». Анын айтымында, айыл тургундары бул окуя боюнча жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө кайрылышкан, бирок азырынча эч кандай натыйжа чыга элек.

XS
SM
MD
LG