Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:25

Кыргыз жарандарын чет өлкөлөргө сатууга каршы өнөктүк башталды


БИШКЕК. Жыл сайын орто эсеп менен 4 миңдей кыргызстандык жарандар сатылат. Бул тууралуу бүгүн Миграция боюнча эл аралык уюмдун Бишкектеги өкүлчүлүгү өткөргөн маалымат жыйынында айтылды. Киши сатууга бөгөт коюу максатында өкүлчүлүк эл ичинде түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, сатылган адамдарды коргоо жана киши сатууга каршы мыйзамдарды күчөтүү багытында иш жүргүзүүдө. Мындай өнөктүктүн алкагында Миграция боюнча эл аралык уюмдун сунушу менен драматург Жеңишгүл Өзүбекова «Тозок» аттуу пьеса жазды. Анын премьерасы 28-мартта Муса Жангазиев атындагы куурчак театрында коюлат. Чыгармада карапайым үй-бүлөдөн чыккан кыздын жакшы иш издеп, чет өлкөгө барып, алданып сатылып кеткени сүрөттөлөт. Пьеса өлкөнүн бардык региондорунда коюлат.

XS
SM
MD
LG