Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:12

Каржы министринин орун басары «Ирактагы согуш Кыргызстандын экономикасына катуу таасир тийгизбейт» деп билдирди


БИШКЕК. Бүгүн өткөн маалымат жыйынында Кыргызстандын каржы министринин орун басары Сабырбек Молдокулов «Ирактагы согуш тез бүтсө ал Кыргызстандын экономикасына эч кандай тескери таасир тийгизбейт», деп билдирди. Анын баамында, эгер согуш узакка созулуп кетсе тышкы жардамдын азайышына түрткү берет, бирок жардам көлөмү канчага азаярын алдын-ала айтыш мүмкүн эмес. С.Молдокуловдун пикири боюнча, эгер согуш узакка созулса мунайдын дүйнөлүк баасы өсүп, евро менен доллардын наркы түшөт. Анда инфляциянын көлөмү быйыл 4% болот деп болжонуп аткан Кыргызстанда ал 7-8% өсүп кетиши ыктымал. Буга мунайдын баасынын жогорулашы түздөн-түз таасир берет. Мунай баасынын өсүшү тышкы соодага таасир берип, Кыргызстандын башкы экспорттук товары болгон алтынды сыртка сатуунун көлөмүн мурда белгиленгенден 10% чейин көбөйтөт деген божомол бар. Эксперттердин баамында, жакын арада алтындын баасы күнүнө 2 долларга өсүшү мүмкүн.

XS
SM
MD
LG