Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:31

Ысыккөлдүк студенттер Ирактагы согушка каршы митингге чыгышты


КАРАКОЛ. Бүгүн Ирактагы согушка каршы митингге Каракол шаарындагы К. Тыныстанов атындагы Ысыккөл мамлекеттик университетинин миңден ашуун студенти катышты. «Жаштар согушка каршыбыз», «Дүйнө жүзүнө тынчтык керек», «Жалпы адамзат бейпил жашоону каалайт» деген плакаттарды көтөрүшкөн студенттер АКШнын президенти Жорж Буштун Ирак мамлекетине согуш ачышын, анын БУУнун Коопсуздук Кеңешинин чечимин күтпөгөнүн айыптаган пикирлерин айтышты. Митингдин катышуучулары Ирак согушун өз ара келишүүчүлүк жана тынчтык жолу менен чечүүнү талап кылган кайрылуу кабыл алышты.

XS
SM
MD
LG