Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:48

АКШнын Кыргызстандагы элчиси Ирактагы согуштун тез аякташы Саддам Хусейнге гана байланыштуу деп эсептейт


БИШКЕК. АКШнын Кыргызстандагы элчиси Жон О'Киф бүгүн «Азаттык» үналгысына берген интервьюсунда «Ирактагы согуштун тез арада аякташы бул өлкөнүн президенти Саддам Хусейндин чечимине гана байланыштуу» деп билдирди. Анын пикири боюнча, Саддам Хусейн үй-бүлөсү, кеңешчилери менен Ирактан чыгып кетсе согуш дароо токтотулат. Элчинин айтымында, бул согушка Кыргызстандын жетекчилигинин мамилеси АКШ менен Кыргызстандын мындан аркы достук жана кызматташтык байланышына эч кандай таасир тийгизбейт. Анткени Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги «согуш БУУнун Коопсуздук Кеңешинин чечимисиз башталып кеткендигине кабатыр экендигин» билдирип, анын тез арада аякташын каалаган. Андан тышкары АКШ элчиси Кыргызстандын жарандары согуш тууралуу көп учурда бир жактуу маалымат алып жаткандыгына тынчсызданганын билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG