Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:01

Ооганстандагы америкалык аскерлер төрт шектүү экстремистти колго түшүрдү


Түштүктөгү Кандагар шаарына жакын жерде өтүп жаткан операциянын жүрүшүндө ошондой эле төртүнчү курал кампасы табылды. АКШ армиясынын маалымат катчысы капитан Алайне Крамердин айтымында, Сами Гар тоо кыркаларындагы 10 айылды тинтүүнүн мезгилинде Калашников автоматтары, кол гранаталары жана жер миналары табылды. Тинтүү америкалык эки согуштук база ракетадан аткылангандан кийин жүргүзүлдү. Бейшембиде, Ирак согушу менен бир мезгилде башталган операцияга 1 миң чакты америкалык жана румын аскерлери катышууда.
Бүгүн ошондой эле Ооганстандын түндүк-батышында тажиктер менен пуштун талибдердин ортосунда уруш болуп, кеминде жети киши окко учту.

XS
SM
MD
LG