Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:53

КАРАКОЛДО ИРАК СОГУШУНА КАРШЫ МИТИНГ БОЛДУ


Шейшекан Жаналиева, Каракол Бүгүн Каракол шаарынын борбордук аянтында Касым Тыныстанов атындагы Ысыккөл мамлекеттик университетинин миңден ашык студенттери «Тынчтык, тынчтык жана тынчтык» деген ураан менен Ирак согушуна каршы нааразылык билдирип митингге чыгышты.

Студенттер «Ирак согушу экологиянын бузулушуна, экономиканын төмөндөшүнө, бейкүнөө элдин кырылышына алып келет, ошондуктан кылымдар бою адамзат кастарлап келген цивилизация, гумандуулук, нравалуулук принциптери сакталышы керек» деген өңдүү ойлорун ортого салышты. Аталган окуу жайдын студенткасы Жылдыз Исаева «Ирак согушунун чыгышы дүйнөгө коркунуч жаратат» деди:

- Ар бир адам наристенин ойноп-күлгөнүн көргүсү келет. Бирок, бүгүнкү күндө дүйнөлүк масштабдагы көйгөйлүү проблема бар. Жер жүзүндө тынчтыкты сактап калуу ар бир адамдын парзы.

Аталган университеттин проректору Чыныбек Ажыбеков митингдин уюштурулушу боюнча өз оюн мындайча түшүндүрдү:

- Азыркы учурда жалпы дүйнөлүк кырдаал өтө оор болуп турат. Ошого байланыштуу биздин университеттин жаштары демилге көтөрүп чыгып, бүгүн мына жалпы шаардын чоң аянтында митинг уюштуруп жатабыз. Ирактагы болгон согушка каршы, «Бизге тынчтык керек» деген ураандын алдында. Мына ошол студенттердин өздөрү, ар бир топто ушул маселелерди талкуулап, кураторлук сааттарда ой-пикирлерин билдирип, бүгүн жалпы университеттин жамааты аянтка чыгып митинг өткөрдүк. Эми дүйнөлүк масштабда алып караганда бүгүнкү согуш өтө чоң алааматка айланып кетүү коркунучунун алдында турабыз. Баардыгыбыз тең ушул согушка каршы экендигибизди билдиргибиз келет.

Митингдин катарын студенттерден тышкары караколдук жаштар, Ирак согушуна нааразылык талаптарын коюшкан башка адамдар да толукташып, ойлорун ачык билдиришти. Каракол шаарынын тургуну Элмира Салиеванын пикири мындай:

- Мен бүгүн Ирак согушуна каршы чыгып жаткан студенттерди колдойм. Менин жекече оюм - бул согуштун болгонуна Американын президенти Жорж Буш гана күнөөлүү эмес, Ирактын президенти Саддам Хусейндин да күнөөсү бар. Анткени Саддам Хусейн куралсызданбай атат. Ошон үчүн ал кишини мен диктатор деп эсептейм.
XS
SM
MD
LG