Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:30

АКСЫ ОКУЯСЫ БОЮНЧА КЫЗМАТТАН КЕТКЕН МУРДАГЫ БАШКЫ ПРОКУРОР КАЙРАДАН ЖАҢЫ КЫЗМАТКА СУНУШТАЛУУДА


Бакыт Аманбаев, Бишкек Аксы окуясына байланыштуу кызматтан алынган Кыргызстандын мурдагы башкы прокурору Чубак Абышкаев мамлекет башчысы тарабынан Чүй облустук сотунун төрагалыгына сунушталды. Эл өкүлдөр жыйыны президенттин бул сунушун бейшемби күнү талкуулап, добушка койот.

Конституциянын жаңы редакциясынын 80-беренесине ылайык Кыргызстандагы жергиликтүү соттордун судьялары мамлекет башчысы тарабынан сунушталып, Эл өкүлдөр жыйынынын макулдугу менен жети жылга дайындалат. Ошондой эле Башмыйзам боюнча республикадагы бардык судьялар кол тийбестик укугуна ээ жана кылмыш үстүндө кармалгандан башка учурда кармалып же камакка алынып, жеке өзү же анын буюмдары тинтүүгө алынбайт. Бул жолу мамлекет башчысы Эл өкүлдөр жыйынына облустук жана райондук деңгээлдеги сегиз судьялык кызматка өз талапкерлерин сунуштады. Чүй облустук сотунун төрагалыгына Кыргызстандын мурдагы башкы прокурору Чубак Абышкаев көрсөтүлдү. Аталган маселе буга чейин Эл өкүлдөр жыйынынын мамлекеттик түзүлүш жана мыйзамдуулук маселелери боюнча комитетинде жактырылып, палата отурумуна сунушталды. Комитеттин төрага орун басары Исхак Масалиевдин айтымында, добуш берүү бюллетень салуу менен жашыруун түрдө өткөрүлөт.

Чубак Абышкаев 2002-жылы Аксы окуясына байланыштуу президент Аскар Акаевдин жардыгына ылайык кызматтан алынган. Мындан тышкары Аксы окуясында курман болгондордун жакын туугандары жана жабыр тарткан жарандар буга чейин Аксы окуясына түздөн-түз күнөөлүү адам катары бир катар жогорку бийлик өкүлдөрү менен бирге Чубак Абышкаевдин да ысымын атап келишкен эле. Жакында Аксы окуясында жабыр тарткандардын энелери өзүнчө комитет түзүп, эгерде жакын арада мамлекет башчысы Аксы окуясынын чыныгы күнөөкөрлөрүн жазалабаса, Бишкекке келип, Өкмөт Үйүнүн алдында күн сайын кошок кошо баштаарын жарыя кылышкан. Ал эми мамлекет башчысынын Чубак Абышкаевди кайрадан жаңы, жооптуу кызматка дайындоо аракети депутаттардын жана саясатчылардын арасында карама-каршы пикирлерди жаратууда.

Маселен, өлкө жетекчисинин бул аракетин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Азимбек Бекназаров сынга алды:

- Аксы окуясында башкы күнөөкөр делинген адамдарды кызматтан кызматка дайындоого мен каршымын. Бул Аскар Акаевдин жаңылыштыгы. Элдин үнүн укпагандыгы.

Ал эми Эл өкүлдөр жыйынынын депутаттары бул маселеге ар башка көз карашта. Алардын айрымдары бул маселе боюнча пикир айтуудан баш тартышса, айрымдары кыскача өз ойлорун ортого салышты. «Чубак Абышкаевдин талапкердигин колдойсузбу?» - деген суроого депутат Назаралиев Эсенбек мындайча жооп берди:

- Мен Абышкаев жаман иштейт деген пикирим жок. Ал юрист катары татыктуу адис. Эртеңкиге чейин ойлонобуз.

Ушундай эле суроого депутат Исхак Масалиев:

- Мен депутаттардын арасындагы алдын ала жоромолду айтайын. Абышкаевдин талапкердиги сөзсүз өтөт. Биздин палатадан күтпөгөн нерсени күтүүгө болбойт, - деп жооп берди.

XS
SM
MD
LG