Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:37

АКШ менен Орусиянын алакасына доо кетиши мүмкүн


Эгер Орусия жергиликтүү ишканалардын Иракка аскердик жабдуу сатуусун токтото албаса Вашингтон менен Москванын мамилесинде олуттуу проблемалар чыгышы ыктымал. Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл шаршемби күнү Конгресстин Өкүлдөр палатасында сүйлөгөн учурунда айтты. АКШ орус бийликтери Иракка түндө көрүүчү аспабдарды, танкка каршы колдонулучу куралдарды, курал-жарактын башка бир катар түрлөрүн жөнөткөн фирмалардын ишмердүүлүгүн жетиштүү деңгээлде көзөмөлдөй алган эмес деп эсептейт. Москва орусиялык ишканалар Багдадга курал сатканы жөнүндөгү ырастоолорду төгүндөөдө. АКШ тарап Орусиянын түшүндүрмөсүнө канаатанбагандыгын айтып жатат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG