Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:26

Багдад кайрадан бомбаланды, Ирактын Республикалык Гвардиясы коалициялык күчтөрдү көздөй жылууда


Таңга маал шаардын чет жакасынан бери дегенде сегиз жарылуунун үнү угулду. Бутага кайсыл жайлар алынганы белгисиз. Ирак тараптын билдиргенине караганда, шаршембиде Багдаддагы базарлардын бири жайгашкан аймакка түшкөн америкалык ракетадан кеминде 14 адам мерт болуп, 30тай киши жаракат алды.Пентагондун өкүлү, генерал Стэнли Мак Кристаллдын түшүндүрмөсүнө караганда, коалициялык күчтөр калктуу жайларды бутага алган эмес. Ал жерге түшкөн ракета Американыкы же Ирактын өзүнүкү экени анык болбогондуктан, окуя кошумча иликтөөнү талап кылат. Соңку саатарда түшкөн кабарларга караганда, Ирактын Республикалык Гвардиясынын колоннасы чабуул коюп келе жаткан коалициялык күчтөрдүн жолун беттеп, Багдаддан түштүктү көздөй жылууда. Аскердик техникалардын колоннасы Ирактын экинчи ири шаары-Басрадан британ аскерлеринин турумун карай кетип жатканы да кабарланды. Ирактык аскерий өкүлдөр ырастагандай, Республикалык Гвардия өлкөнүн түштүк-борбордук бөлүгүндө коалициялык күчтөргө сокку уруп, аларды жоготууларга кириптер кылган.

XS
SM
MD
LG