Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:41

КОАЛИЦИЯЛЫК АСКЕРЛЕР ИРАКТА КҮТҮҮСҮЗ КАРШЫЛЫККА КЕПТЕЛҮҮДӨ


Нарын АЙЫП, Прага Ирактагы согуш уланууда. Өлкөнүн түндүгүнө бир миңге жакын америкалык аскер парашют менен түшүп, экинчи фронт ачууга даярданууда. Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңеши да Ирак маселесин талкуулоого киришти жана талкуу өтө курч болуп кетсе, уюмдун Жалпы Ассамблеясы да чакырылышы мүмкүн.

Ирактагы согуш сегиз күндөн бери уланууда АКШ менен Британиянын коалициялык аскерлери күтүлбөгөн каршылыкка кептелди. Батыш эксперттеринин айтымында, Ирак жетекчилиги биринчи согуштан жыйынтык чыгарып, америкалык аскерлерге каршы кантип согушуш керек экендигин анча-мынча болсо да түшүнгөн сыяктуу. АКШ коргоо министри Доналд Рамсфелддин айтымында, Иракка азыр улам жаңы кошумча аскер жиберилүүдө: "Иракта согушуп жаткан аскерлердин санын биз күн сайын көбөйтүп жатабыз. Алар түндүктө да, түштүктө да, батышта да көбөйүп жатат".

26сынан 27сине караган түнү Ирактын түндүгүндөгү Арбил шаарынын алдына бир миңге жакын америкалык аскер парашют менен түшүрүлдү жана алар эми түндүк фронтун ачууга даярданууда. Аскерлер Италияда жайгашкан америкалык базадан учуп келди. Мурда АКШ Түркия өз аймагын ачып берет деп үмүттөнгөн, бирок Анкара өзүнүн аба мейкиндиги аркылуу америкалык учактардын учуп өтүшүнө гана уруксат берди.

Ирактын саламаттык сактоо министрлигинин айтымында, сегиз күндүн ичинде өлкөдө 350дөн ашык адам курман болду жана төрт миңдей киши жарат алды, алардын көпчүлүгү балдар, аялдар жана карыялар. "Ройтерс" маалымат агенттигинин эсебинде болсо өлгөндөрдүн саны эки жүздөн ашпайт. Коалиция тараптан 47 аскер каза болуп, дагы төрт солдаттын дайны белгисиз, бирок бир нече аскер ирактыктарга туткунга түштү. Британия тараптан 20 адам набыт болду, бирок алардын он сегизин америкалык жана британиялык аскерлер өздөрү өлтүрүп алды.

Курчоодо жаткан Басра шаарынан 26-март күнү бир нече танк жана чопкут машине (БТР) чыгып, деңизди көздөй жөнөгөн жана америкалыктар анын максатын билбегендиктен, ага бир топко жооп бербей күтүп турду, бирок кийин ал колоннаны да бомбалап, бир нече танкты жок кылды. Кийин Багдад шаарынан да ошондой колонна чыкты жана мындай аракеттер эмнени билдиргени азырынча түшүнүксүз, анткени андай колонналар ракета жана бомбалар менен оңой эле жок кылынууда.

Бирок, кандай болгондо да, Ирак армиясынын каршылыгы АКШ үчүн күтүүсүз болуп чыкты жана согуш эми канчага уланаары белгисиз. Британиялык саясатчылардын айтымында, басылып алынган аймактардагы мунай кендерин калыбына келтирип, кара май чыгара башташ үчүн кеминде бир ай керек. Коалициялык күчтөрдүн колуна өткөн Умм Каср портуна 27-март күнү биринчи эл аралык гуманитардык жардам келмек, бирок ал кечеңдөөдө.

Ирак маселесин 26-март күнү кечинде Нью-Йоркто Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңеши да талкуулай баштады. Ирактын өкүлү Мохаммед ад-Дури АКШнын саясатын катуу сынга алып, Бириккен Улуттар согушту токтотууга милдеттүү деп билдирди: "Иракка каршы башталган бул оторчул жана жапайы агрессия эл аралык тынчтык менен коопсуздук үчүн коркунучтуу. Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңеши бул баскынчылыкты сынга алыш керек жана тийиштүү чара көрүп, аны токтотууга милдеттүү. Бириккен Улуттар америкалык жана британиялык аскерлердин Ирак жумуриятынан токтоосуздан чыгарылып кетишин талап кылууга тийиш".

Жыйын дагы уланууда жана кээ бир эксперттердин айтымында, араб өкүлдөрү АКШны сындаган атайын резолюциянын долбоорун даярдашы мүмкүн. Аны өткөрбөш үчүн АКШ же Британия резолюцияга вето салса, анда Бириккен Улуттардын жалпы сессиясын чакырса болот, ал жалпы жыйында болсо эч кимдин вето укугу жок болот.

XS
SM
MD
LG